Пример HTML-страницы

Кыздуу болордо өлтүрүлгөн Жакшылыктын апасы үн катты

Акыркы жанылыктар

Turmush25 жаштагы Жакшылык Асановду мыкаачылык менен өлүргөн кылмышкерлерге Сокулук райондук соту 18 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бирок облустук сот жазаларды жеӊилдетип, буйрутма берген кишини 3 жылга соттогондугун маркумдун апасы Салтанат Асанова билдирди.

«Эки жыл мурун уулумду 3 жигит мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Сокулук райондук соту уулумду өлтүрүүгө буйрутма берген кылмышкерге өмүр бою эркинен ажыратууну, калгандарын 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарып берген. Биз соттун чечимине канааттанып, ошону менен калганбыз. Эми кылмышкерлер жазаны жеӊилдетип берүү үчүн облустук сотко арыз жазышыптыр. Облустук сотто үч сот карады. Бирок сот улам кийинкиге жылып жатып, кечээ жакында бир жолу отурум болду. Анда бардык далил фактыларга карабай туруп, кылмышкерлердин жаӊы алып келген көрсөтмөсү менен чечим чыгарып коюшту. Буйрутма берген кишиге 3 жыл эркинен ажыратылсын деген чечим чыкты. Калгандарына дагы ушул сыяктуу жеӊилдиктер берилди. Кылмышкерлер ар бир сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп жатышты.

Баламдын башын таш менен жанчып, бычак менен сайгылап, тырмактарын жулуп, ийне менен сайгылап мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Мыкты тергөөчүлөрдүн дыкат иликтөөсүнүн негизинде алынган фактылар, видео-фотолор бул сотто каралган жок.

Жолдошум каза болуп калган. 8 баламды жалгыз багып, өстүрүп келе жатам. Мен акыйкат издейм», — деди ал.

Буга чейин маркумдун апасы Салтанат Асанова Turmush басылмасына төмөнкүлөрдү айтып берген.

«Балам Жакшылык 2020-жылдын 11-мартка караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Анда кылмышкерлер аны жалдап унаасын айдатып, Сокулук районунун Күн-Туу айылынан таш менен жанчып, ийне, бычак сайып, тырмактарын жулуп мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Көрсө ал кылмышкер (Д.Р. аттуу күрөөкана иштеткен киши) балдарга: «Мага унаа таап келгиле. Ал үчүн 70 миӊ сом берем» дептир. Ошондо тигил балдар алгач бир таксист баланы жалдап, аны ары-бери айдатып, анын унаасы эски жана көп айдалгандыктан, ага тийбей, акчасын төлөп кетирип жиберишет. Кийинкисинде алардын тузагына менин уулум кабылат. Ошентип уулумду Бишкектин ичинде ары-бери айдатышып, акыры Сокулуктун Күн-Туу айылына чейин айдатып барып, өлтүрүп таштандыга ыргытып, унааны айдап кетишет. Анан күрөөкана иштеткен Д.Р. аттуу кишиге алып барышса, «түн болуп кетти. Мейманканага барып эс ала бергиле. Эртеӊ сүйлөшөбүз» дейт. Ошентип эртеси Д.Р. түшкө маал мейманканага барып, тигил үч кылмышкерге: «унааны милиция кызматкерлери жүктөп кетишиптир, силер өлкөдөн чыгып кеткиле» деп айтат.

Ошону менен булар качып кетет. Тергөө иши 1,5 жыл жүрүп, иш сотко 2020-жылдын сентябрь айында өткөн. Кечээ бул боюнча сот чечими чыгарылып, кылмышкерлердин бирин 18, экинчисин 20, үчүнчүсүн 25 жылга кести. Биз тергөөчүлөргө, прокуратурага, сотко калыс чечим чыгаргандарына ыраазыбыз. Уулумдун көп максаттары бар эле. Ал алгачкы баласын да көрбөй кетти. Каза болгондон кийин 17 күндөн соӊ кызы төрөлдү», — деген ал.

Маркум 1996-жылы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында төрөлгөн. 8 бир туугандын төртүнчүсү.

Окуя тууралуу:

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылына бара жаткан жолдун жээгинен адамдын жансыз денеси табылгандыгын күбѳлѳр билдиришкен.

Алардын айтымында, аны жерге кѳмүп кетишкен.

«Милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат. Белек айылына бара жаткан жолдо Жантай деген суу бар. Адамдын сөөгү ошол суунун жээгинен табылды. Ошол эле жерде ээси жок «Фит» үлгүсүндѳгү унаа табылды. Такси кызматында иштеген унаа экен. Экѳѳнүн байланышы болушу мүмкүн. Маркумдун сөөгүн анын акыркы телефон чалуусунан улам табышкан», — дешкен алар.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Белек айылында табылган эркек кишинин жансыз денеси боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргөн.

12-мартта ички иштер органдарына азиат түспөлүндөгү жаш жигиттин жансыз денеси табылгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, Сокулук районунун Белек айылынан алыс эмес жерден киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жигиттин жансыз денеси табылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө милиция кызматкерлерине каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы А.Ж. болгондугу, Бишкек шаарындагы такси кызматтарынын биринде иштегендиги маалым болгон. Мындан тышкары аталган күндөн мурун Ленин РИИБдин кызматкерлери анын унаасын Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен табышкандыгы аныкталган. Унаада кара күрөң түстөгү тактар табылган.

Кийинчерээк ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б. жана 30 жаштагы П.Ж. колго түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE