Кыян суу турак үйлөрдү каптап, унаа жолду жаап калды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу сел жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, ондогон үйдүн короосун каптады.

Жаңы курулган мектептин жана анын жанындагы ФАПты суу каптап жатат. Мындан сырткары айылдан үстүнөн өткөн каналдан суу ашып, ондогон үйдүн короо-сарайларына кирди.

Унаа жолду кыян суу жаап калды.

Пример HTML-страницы

Буга чейин ӨКМ 13-июлдан тарта 17-июлга чейин өлкөнүн аймагында аба ырайы туруксуз боло турганын эскерткен.

— Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо;

— Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

— Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда;

— Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда;

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

— Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда;

— Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда;

— Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулашы мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

— Бишкек—Ош унаа жолунун 285-342-348-358-362-400-411-426-чакырымдарында;

— Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 64-65-68-70-78-80-100-106-121-124-133-чакырымдарында;

— Бишкек—Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;

— Балыкчы—Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

— Талды-Суу—Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

— Ош—Исфана унаа жолунун 64-78-125-138-149-190-чакырымдарында;

— Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун 18-28-32-37-44-56-чакырымдарында;

— Кербен—Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4-12-13-22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️