Пример HTML-страницы

Кыян суу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.

ӨКМ билдиргендей, бүгүн, 19-июнь күнү жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын 50%ы тазаланып бүттү.

Эски Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен калыбына келтирилип, суу өтүүчү шакекчелерди коюу жумуштары жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган ыкчам топтун катышуусунда штабдык отурум өткөрүлүп, Бостон айылынын жогору жагында жайгашкан сел тосмону калыбына келтирүү маселеси каралды.

17-июнь күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы кокту-колотордон чогулган сел суулары түшүп, турак жай, социалдык объектилерге кирген. Ички чарбалык жолдор, ички көпүрөлөр жабыркап, 10 жаштагы бала каза тапкан.

Селдин кесепеттерин жоюу жумушу 20-июнь күнү Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE