Кыян суу каптаган борбордук базарга милиция кызматкерлери тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту сактап жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын борбордук базарынын айрым жерлерине сел кирген.

«Борбордук базарда коомдук коопсуздук сакталып, мародёрлукка жол берилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, борбордук базарды каптады.

Пример HTML-страницы

Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон. 4 жаран дайынсыз жоголду. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулду. Болжол менен 15 унаа селден жабыркады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️