Пример HTML-страницы

Кытайлык холдинг менен Токмок шаардык мэриясынын ортосунда техникаларды заводдордон түз алып келүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТокмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевдин Кытай Эл Республикасына атайын техникаларды түз алуу аркылуу муниципалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иш сапары аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө М.Нусувалиев алдыңкы өндүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп, ар кандай адистештирилген жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Бул демилге сатып алуу процесстерин жөнөкөйлөтүү, ортомчуларды жок кылуу жана өндүрүш компаниялары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

Иш сапардын жыйынтыгында Токмок шаарынын мэриясы менен курулуш техникаларын, жүк ташуучу унааларды, автобустарды, оор техникаларды жана кыймылдаткычтарды чыгарган Кытайдын «Shandong Heavy Industry Group Company Limited» мамлекеттик холдингинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Меморандум жаңы адистештирилген жабдууларды түздөн-түз ишканадан алуу аркылуу муниципалдык материалдык базаны модернизациялоо боюнча өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандум беш жылга түзүлөт. Ага эки тарап кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE