Кытайдын элчисине «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-сентябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында сокурлукту алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган борбор Кытай Эл Республикасы жана Кыргыз Республикасынын медицина жаатындагы кызматташтык боюнча «Ден соолук экспресс — жаркын саякат» долбоорунун алкагында ачылды. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым катышты.

Облус жетекчисинин айтымында, аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын түштүк аймагындагы 600дөн ашуун жарандын көзүнө акысыз операция жасалды. Ошондой эле Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 8 даана офтальмологиялык аппарат белекке берилди.

Элчибек Жантаев эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдөөгө, улуттар аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымга «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.

Ошондой эле «Ден соолук экспресс Гонконг» фондуна жана Кытай Эл Республикасынан Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык жана аракеттенүү борборуна ыраазычылык кат берилди.

Пример HTML-страницы

Мындан тышкары Ош аймактык ооруканасына рентген аппаратын жана тиш дарылоочу жабдыктарды сатып алуу үчүн 3 млн 175 миң сом, Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 6 млн 656 400 сомдук сертификат тапшырылды.

Кыргызстан менен Кытайлын лидерлери тарабынан түзүлгөн эки тараптуу меморандумдун алкагында Кытай Эл Республикасы жана Кыргыз Респукбликасынын медицина жаатындагы кызматташтык боюнча «Ден соолук экспресс — жаркын саякат» долбоору 2023-жылдан бери ишке ашырылууда. Тактап айтканда, долбоордун алкагында 2023-жылдын сентябрь айында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытай Эл Республикасынын дарыгер-офталмологдор тобу тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жана Ош шаарынын тургундарынын арасында көздүн катарактасы менен жабыркаган 338 бейтапка акысыз операция ийгиликтүү жасалды. Ал эми бул жылы да 300дөн ашуун бейтапка акысыз операция жасоо пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️