Пример HTML-страницы

Кытайда акысыз билим алган Каныкей ага ай сайын акча төлөп беришерин айтат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каныкей Сабырбекова. Ал Кытай Эл Республикасындагы Шанхай эл аралык изилдөөлөр университетинде акысыз билим алып жатканын, чет элдеги жашоосун жана эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Мен 2004-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясын бүтүргөм. Учурда Шанхай эл аралык изилдөөлөр университетинин 1-курсунун студентимин. Эл аралык мамилелер факультетинин дипломат кесибинде окуйм.

Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын, 4 кыз жана 1 уул. Ата-энем бизди татыктуу билим алсын деп, калаадагы мыкты мектеп-гимназиялардын бирине берген. Мектепте ар кандай тилдер окутулат, ошол жактан кытай тили менен тааныштым. Бул багытта кошумча курстарга баруума ата-энем колдоо көрсөтүшүп, бүгүнкү күнгө жетүүмө себепчи болушту.

11-класста окуп жүргөндө, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган сынактан орун алып, стипендия утуп алгам. Ага алган грамоталар, мектептеги активдүүлүк жана окуудагы жетишкендиктеримдин да салымы бар. Азыркы тапта окуу төлөмүн төлөбөйм, окуу жана жатакана бекер, ай сайын стипендия алам», — дейт ал.

Анын айтымында, Шанхай коопсуз жана кымбат шаар.

«Шанхай шаарында экинчи жыл жашап жатам, абдан өнүккөн шаар. Башка шаарларга каникул учурунда чыгып турам. Байкашымча, Шанхайда жашоо башка шаарларга караганда кымбат. Кытай мага абдан жакты, архитектурасы Азиянын да Европанын да стилинде, бардык тараптан өнүккөн өлкө, жашоо өтө ыңгайлуу.

Кытай эли абдан сыйчыл, мээримдүү жана кичи пейил келишет. Айрыкча чет элдиктерге көп кызыгышат, бир-эки сөз кытайча сүйлөсөң, аябай таң калышып, мактай башташат. Бирок аябай уялчаак болушат.

Кышкысын Шанхайда кар жаабайт. Деңиздин жанында жайгашкандыктан жайкысын аба нымдуу жана жамгырлуу аба ырайы көп катталат. Көбүнчө жамгыр күтпөгөн жерден жаап баштайт, кол чатыр албай чыгып, суу болгон учурлар көп болот.

Баарынан да коопсуздук жогорку деңгээлде сакталган, күнү-түнү полиция кызматкерлери иш алып барышат. Бул жакта велосипед айдагандар көп. Бир жерден экинчи жерге жетүү оңой жана экологияга да пайдасы чоң. Мыйзам чынында катуу иштейт, телефон, компьютер же дагы башка баалуу буюмдарды бир жерге калтырып кеткенден коркпойсуң, эч ким тийбейт, уурдап кетпейт. Накталай акчаны дээрлик эч ким колдонбойт. Өзүм 2 жылдан бери капчык, акча дегенди унуттум. Бирок телефонуңдун кубаты өчүп калса жаман, жашообуздун баары телефон менен байланыштуу.

Эң биринчи жолу метрого түшкөндө адашкам. Бизде метро жок болгондуктан, кантип жүрүштү билген эмесмин. 19 линия метро абдан көп, ал системаны түшүнбөй, аны менен катар метро кызматкерлери менен бири-бирибизди түшүнүп-түшүнүшпөй жатып, акыры үйгө жеткем. Андан кийин көпкө чейин метрого жалгыз түшпөй жүргөм, азыр албетте баарын үйрөндүм», — дейт ал.

К.Сабырбекова тайпалаштарынын баары кытай улутунан экендигин айтат.

«Кытайда кыргыздар көп, бири-бирибиз менен таанышпыз. Ар кандай университеттер уюштурган маданий иш-чараларда көрүшүп турабыз. Бирок мен университеттин кытайлар үчүн кампусунда окуйм, ошондуктан кыргыздар жок. 80ге чукул тайпалаштарымдын баары кытай, кампуста кыргыздар эле эмес, чет өлкөлүктөр да аз», — дейт ал.

Каарманыбыз 6 тилде сүйлөрүн, келечекте дагы 2 тилди үйрөнүүнү көздөп жатканын билдирди.

«Бош убактымда шаарды изилдеп, көп жерлерди кыдырганга аракет кылам. Тил үйрөнгөндү жакшы көрөм, учурда 6 тилде сүйлөйм. Француз тилин жаңы өздөштүрө баштадым. Муну менен катар кытай тилин онлайн форматта окутам. Окуу кыйын, кытай студенттеринен калышпай, бир деңгээлде окуганга аракет кылам.

Келечекте саясат, эл аралык мамилелер жаатында иш алып баргым келет. Алдыда дагы 2 дипломатиялык тилди — араб жана испан тили үйрөнүү максатым бар. Муну менен катар магистратураны да чет өлкөдөн окууну ниет кылып жүрөм», — деп сөзүн жыйынтыктады Каныкей Сабырбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE