Пример HTML-страницы

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун картасында Ак-Талаанын айылы көрсөтүлгөн. Ири долбоор жана Кош-Дөбө

Акыркы жанылыктар

TurmushКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрында башталат, деп билдирди «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында.

Анын айтымында, темир жолдун курулушу 6 жылга жакын убакытты талап кылат. Жол картасында бардык иштердин мөөнөтү так жазылган.

Жогорку Кеңеште «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Долбоор тараптардын 3 темир жол администрациялары — «Кытай темир жолдору» мамлекеттик корпорациясына караштуу «Чайна Рэйлвей Интернешнл», Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу ишке ашырылары болжолдонууда.

Жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт—Арпа—Макмал—Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

  • Долбоордун негизги максаты — Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда темир жол байланышын бириктирүү. Бул темир жол магистралынын курулушу Кыргызстанга мамлекеттин экспорттук потенциалын ишке ашыруу, Азия—Европа кургак транзиттик байланышын түзүүгө жол ачат.

Жол картасында Кашкардан башталган темир жол Кыргызстандын аймагынан — Торугарт, Арпа өрөөнү, андан ары Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын аймагынан өтүп, Жалал-Абад облусуна жетет. Андан Өзбекстан Республикасына бет алат.

Turmush басылмасы Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу өтө турган Кош-Дөбө айылы тууралуу азыноолак баяндайт.

  • Кош-Дөбө айылы — Ак-Талаа районундагы айыл, Ала-Буга айыл аймагынын курамында турат. Айылда бир мектеп, бир бала бакча, бир айылдык оорукана жана маданият үйү жайгашкан. Калкы — 4315, 729 түтүн эл бар. Айыл тургундарынын көбү мал менен жан багат.

Кош-Дөбө айылынын аталышы айылдын ортосундагы 2 дөбөдөн улам коюлган. Журналист Шахназар Жанболотов бул дөбөлөрдөгү казуу иштериндеги окуяларды айтып берген. «Бул дөбөлөрдө СССР учурунда казуу иштери жүргүзүлүп, ошол учурда үрөй учурган окуялар болуптур. Тактап айтканда, элдин көзүнө бир нерселер көрүнүп, ар кандай үндөр угулчу экен. Эл ак боз бээ союп, куран окутуп, дуба кылышып, бир дөбөнүн үстүнө мечит кургандан кийин тынчыган дешет», — деген ал.

Айрымдар дөбөлөргө жоокерчилик заманда курал-жарактары менен жоокерлер көмүлгөн дешсе, кээ бири бир дөбөдө жоокерлер, экинчисинде карапайым адамдар көмүлгөн дешет. «Айылдын баш жагы көп кан төгүлгөн согуш талаасы болгон. Калмактардын таш бейиттери дагы көп кездешет. Айылдын чыгыш тарабында чептердин калдыктары дагы бар. Айылдын батыш тарабында дагы бир шаардын калдыгы бар экен. Бирок, ал жер менен жер болуп калган. Жай мегилинде гана агарган дубалдын издери көрүнөт экен», — деген Жанболотов.

Тарыхта бул чөлкөмдө калмактар менен кыргыздардын ортосунда айыгышкан уруштар жүрүп турганы айтылат. Шырдакбек баатыр калмактар менен байма-бай согушуп турган. Кийин Тайлак баатыр дагы душманга каршы согушкан. Жергиликтүүлөр кыргыз-калмак согушунда каза болгон кыргыздар бир дөбөгө, ал эми калмактар экинчи дөбөгө көмүлсө керек деп болжолдошот.

Айылдын тургуну Калкаман Бердибаев дөбөдөн казуу учурунда адамдардын сөөктөрү чыкканын белгилеген.

Кош-Дөбө айылында Мынакелди шаар чалдыбары жайгашкан. Бул 7-8-кылымдарда кербенчилердин эс алуучу жана соода кылуучу жайы болгон.

1944-1949-жылдары окумуштуу Александр Бернштамдын изилдөөлөрү боюнча, Мынакелди шаар чалдыбары жайгашкан жерден Улуу Жибек жолу өткөн. Ал жол Ак-Мойнок, Ой-Кайың жана Жазы ашуулары аркылуу Фергана өрөөнүнө кеткен. Чыгышты көздөй алып караганда бул жол Шырдакбектин чеби, андан бери Чолок-Коргон чебине келип, Дөрбөлжүн (азыркы Баетов айылы), Ат-Башы, Жаман-Даван ашуусунан Арпага, андан Ак-Сай, Торугарт ашуусу аркылуу Түркстанга кеткен.

Мынакелди шаары кургак жерде жайгашып, төрт бурчтуу дубал менен курчалган. Түндүк-түштүк дубалдарынын узундугу 57-85 метр, батыш-чыгыш дубалдарынын узундугу 59-80 метр, бийиктиги 4 метрге жеткен. Шаар түрдүү көлөмдөгү чийки кыштардан тургузулуп, бурчтарына мунаралар орнотулган. Мунараларда согуштук ок атуучу көзөнөктөр бар. Шаардын курулушу согуштук коргонууларга да ылайыкталып курулганын көрүүгө болот. Демек, бул жай кербен сарай болгон деп так айтуу мүмкүн эмес. Андан сырткары, бул шаарча Термездеги Кырк-Кыз, Ташкенттеги Ак-Тепе тарыхый имараттарына куюп койгондой окшош экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган.

Кош-Дөбө айылында мындан 27 жыл мурун, 1997-жылдын 9-январында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал тарыхта Кыргызстанда катуу болгон жер титирөөлөрдүн бири катары белгиленген.

Жер титирөөдөн улам ошол кездеги өлкө башчы Аскар Акаев Кош-Дөбө айылына 2 жолу келүүгө мажбур болгон. Мындан тышкары, премьер-министр Апас Жумагулов 3 жолу келип кеткен.

Аталган жер титирөөнүн очогу Кош-Дөбө айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Ала-Буга дарыясынын сол жээгиндеги тоо кыркалары жайгашкан чөлкөмдө болгон.

ӨКМдин расмий маалыматына караганда, 1997-жылдын 9-январында Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 22 турак жай жана чарбалык курулуштар жабыркаган.

Кош-Дөбө айылы орун алган Ак-Талаа району Ички Теңир-Тоо, Ортоңку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Райондун аймагы тоолуу келип, түндүк тарабынан Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо, түштүк батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган.

Ортоңку Нарын өрөөнүндө кыш узакка созулуп (4-5 ай), кургак жана суук келет. Кыш мезгили аба ырайынын антициклондук тиби менен мүнөздөлөт. Бул мезгилдерде аймакта жогорку басымдагы аба массасы үстөмдүк кылат.

Январдын орточо температурасы -25°C — -30 С, июлдуку +20°C — + 25°C. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE