Пример HTML-страницы

Кышы 8 айга чейин созулган айылдагы мугалим Жылдыз Абдыкеримова унаа айдаганды өздөштүрдү

Акыркы жанылыктар

Turmush59 жаштагы Жылдыз Абдыкеримова Жети-Өгүз районунун алыскы Ак-Шыйрак айылында мугалим болуп иштеп келет.

Өзүнүн айтымында, Түп районундагы Сары-Тологой айылында төрөлгөн. 1987-жылы Ысык-Көлдөгү окуу жайдын физика факультетин аяктаган. 1988-жылы Ак-Кочкор айылындагы бала бакчада тарбиячы, 1989-жылы Жети-Өгүздөгү Киров мектебинде мугалим болуп иштеген.

«2002-жылдан бери Ак-Шыйрак айылындагы мектепте мугалим болуп иштеп жатам. Ак-Шыйракта 23 жылдан бери иштеп, жашап келем. «Ак-Шыйрак айылынын ардактуу атуулу» наамын алдым. Өзүм «Билим берүүнүн отличнигимин». Айыл өкмөттүн, райондук билим берүүнүн, облус жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин грамоталары менен сыйлангам. Окуучуларым менен сыймыктанам. Кезигип, дайыма ыраазычылык билдирип турушат», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кыйынчылыктарды эскерди.

«3-4 күн жолдо калып, үшүп, унаанын ичинде койлор менен кошо кеткен учурлар болгон. Койлор ачка болуп, биздин баштыктарды, кийимдерибизди жей баштап, жерге түшсөк үшүйбүз, унаага кирсек ачка койлор оозуна тийгенди тиштеп, айлабыз кеткен. Ээн талаадан койду жерге түшүрсөк качып кетет эле. Деги койчу, далай күндөр өттү. Ошентип районго кыйналып барып келип жүрүп, жаныма күч келгенде унаа айдаганды үйрөндүм. Жетип алгандан кийин аман-эсен жеттик деп, жолдон кыйналгандын баарын унутабыз. «Жашоо — күрөш» деген ушу экен да. Класста окуучулар аз. Ошол үчүн жакшы окушат. Күндө суралат, күндө текшеребиз. Бир баланы бир сабакта 10 жолу сураганга жетишебиз», — деди мугалим.

Жылдыз Абдыкеримова 3 баланын апасы.

  • Ак-Шыйрак айылы райондун борборунан 230 км алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3200-3500 метр бийиктикте жайгашкан. Ак-Шыйрак аймагы 3 айылдан турат. Борбору болуп 192 адам жашаган Үч-Кошкон айылы эсептелет. Ак-Шыйрак айылында 68 адам, Ыштык айылында 26, Кара-Сай айылында 61 адам жашайт. Жалпы 347 адам турат. Ак-Шыйракта кыш 8-9 айга чейин созулат. Жайында да суук болуп, кар жааган учурлар катталат.

—————————————————————————————

Жубайлар Акылбек Өзбеков менен Жылдыз Абдыкеримова 2016-жылы Turmush басылмасына маек берген.

Ж.Абдыкеримова 30 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, 20 жылдык өмүрүн тоодогу балдары окутууга арнаганын айтып берген. Ал кезде Үч-Кошкон айылындагы мектепте иштегендиктен күн сайын жарым саат жол басып, Жылдыз ашуусунан өтөрүн айткан. Ал эми жолдошу Акылбек Өзбеков Ак-Шыйрак айылында мал багуу менен бирге кичи электр түйүнүн көзөмөлдөйт.

Акылбек Өзбеков бул айылга электр жарыгы 1982-жылы тартылып, көмөкчордон курулганын белгилеген. Бул жактан Ак-Шыйрак, Эңилчек, Сары-Жаз жана Кара-Сай чек ара өтмөгүнө жарык берилет. Эгерде олуттуу оңдоо талап кылынса атайын адистерди чакырат.

Тоолуу аймактын шартына көнгөн жубайлар өздөрү үчүн бардык ыңгайлуу шарт түзүп алышкан. Алар үй ичине суу чыгарып, мончо да курушкан.

«Кышы узак жана суук болгону эле болбосо биз үчүн шаардагыдай эле жашоо болуп калды. Айлык маяна жакшы, болгону райондон алыс, балдарыбызды бир жылда бир көрөбүз. Жылда бир ай эмгек өргүүгө чыгып, көлкө түшүп эс алабыз. Бирок, тез эле тоодогу үйүбүзгө кеткибиз келет. Бул жер биз үчүн шаардай сезилет. Жергиликтүү телеканалдардан бардык жаңылыктарды көрүп турабыз. Келечекте бул аймак өнүксө экен деп тилейбиз», — дешкен жубайлар.

Алар топоз, кой, уй багып, жайкысын алыскы жайыттарга айдап, кышкысын айылда кармашат. Бул жерде кыш мезгили 6 айга созулуп, жайы салкын келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE