Пример HTML-страницы

Кыргызстанга келген конок түн ичинде үйүнө жашыруун кетип, кайра кайтканда колго түшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстандан Кыргызстандын аймагына жашыруун кирген жаран абакка кесилди. Ал сот отурумунда окуя тууралуу айтып берди.

Айыпталуучу Амир (аты өзгөртүлдү, М.И.А.) Өзбекстандын Фергана облусунда туулган, Өзбекстандын жараны. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) менен айып тагылган. Амир 2023-жылдын 12-августунда камакка алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Амир Кыргыз Республикасынын аймагына кирип-чыгуу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу белгиленген тартипте өтүү керек экендигин билип туруп, кылмыш жасаган. Ал Кыргыз Республикасына 2022-жылдын 2-июлунда Жалал-Абад облусунун «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирген. Ала-Бука районунда жүрүп, паспортун жоготуп алып, кайра көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу чек арадан өтө албай, Кадамжай району менен чектешкен өзү жашаган Насырабад аттуу участокко жакын жайгашкандыктан, Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде зым менен тартылып тосулган чек арадан Өзбекстанга суу өткөн темир түтүктүн үстү менен Кыргызстандын чек ара көзмөл пунктунан жашыруун өтүп кеткен. Ал Өзбекстанда паспортун жаңылап, кайра 2023-жылдын 12-августунда «Кызыл-Кыз» чек ара көзөмөл пунктунан өтүп жатканда чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2022-жылдын июнь айында иштегени келип, Кыргыз Республикасынын «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Ала-Бука районуна өтүп, 10 күндөй иштеп жүрүп, паспортун жоготуп алган. Туруктуу иш таппай, Ош шаарында, Ноокат районунда жүрүп, акчасы жок болгондуктан үйүнө кетүүнү көздөгөн. Бирок паспорту жоктугуна байланшытуу көзөмөл бекеттен өтө албай турганын түшүнүп, түндө өзүнүн айылына жакын жайгашкан Кызыл-Кыя шаары тараптан Өзбекстан Республикасына чектеш жердеги суу түтүктүн үстү менен чек арачыларга билдирбей, жашыруун өтүп кеткен. Жаңы паспорт алып, кайра 2023-жылдын август айында Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кирип келе жатканда чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал айып жазасын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтүп, жеңил жаза берүүнү суранды.

Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2023-жылдын 10-октябрдагы өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.

Алдын ала камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинүүсү көрсөтүлдү.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE