Кыргызстандын жаш футболчулары Иран курамасынан утулду. Мелдешке Камчыбек Ташиев да келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-июлда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын арасында Борбор Азия чемпионатынын (CAFA U-20 Championship 2024 турнири) финалында Иран менен Кыргызстан курамасы кез келди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган мелдешке Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күбө болду.

Оюндун биринчи таймында Иран кооптуу учурларды жаратып, бир гол киргизди. Ирандын оюнчусу алыс аралыктан Кыргызстандын дарбазасына карай тепкен учурда кыргыз курамынын оюнчусу топту колу менен тосуп алды. Натыйжада калыс Кыргызстандын дарбазасына пенальти белгиледи. Пенальтини Ирандын чабуулчусу Реза Ганди голго айлантып, эсепти ачты.

Экинчи таймдын башталышында эле аралап кирген Реза Гандини кыргыз футболчулары токтото алышкан жок. Ал эки футболчуну алдап барып, оюндагы экинчи голун киргизди. Экинчи таймдын 56-мүнөтүндө оң капталдан чыгарылган топту кайра эле Реза Ганди башы менен сүзүп, голго айлантты.

Үч гол өткөрүп жиберген кыргыз курамасы акырындык менен чабуулга чыга баштады. Ошондой чабуулдарын биринде сол капталдан кыргыз футболчусу топту Ирандын дарбазасына тээп жыгылды. Жыйынтыгында калыс видео кайталоо системасын карап, Ирандын дарбазасына пенальти белгиледи. Пенальтини 68-мүнөттө Умар Мадаминов голго айланта алган жок. Ал тепкен топ дарбазанын мамысына тийип калды.

Пример HTML-страницы

Андан ары кыргыз курамасы канчалык чабуул жасабасын Ирандын дарбазасына жол таба алган жок. Оюндун жыйынтыгында Иран мелдештин чемпиону болуп, кыргыз курамасы экинчи орунду ээледи. Эсеп — 3:0.

Ал эми Өзбекстандын футболчулары 3-орунду, Тажикстан 4-орунду камсыздады.

Футбол боюнча 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын куралган курамалардын Борбор Азия чемпионаты 5-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда башталган. Чүчүкулактын натыйжасында Кыргызстан курамасы Тажикстан, Ооганстан курамасы менен чогуу «А» тайпасында жайгашкан. «В» тайпасында Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан курамалары орун алган.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстанды 4:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен тең ойногон. Натыйжада 4 упай жана голдордун айырмачылыгы менен кыргыз курамасы тайпадан биринчи орун, Тажикстан экинчи орун менен чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️