Кыргызстандык жарандар жаңы ачылган бекет аркылуу Өзбекстанга өтүп баштады

TurmushБүгүн, 12-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда «Кара-Суу — унаа жолу» өткөрүү пунктунун ачылыш аземи өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган өткөрмө бекет аркылуу кыргызстандык жарандар Өзбекстанга өтүп баштады.

Маалым болгондой, аталган өткөрүү пункту 2010-жылы жабылган. Өткөрмө бекет эки тараптуу, чыгыш тарапка 5 каана, кириш тарапка 4 каана (кабина) болот. Бекет техникалар менен жабдылган.

«Буга чейин «Достук» өткөрмө бекетинде тыгын болуп келген. Тыгындын алдын алуу максатында «Кара-Суу» өткөрүү пункту ачылууда. Бул пункт Өзбекстанга өтүүдө жарандардын кирип-чыгуусун жеңилдетет. Күнүнө 3500-4000 адамды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Өткөрмө бекет 2010-жылы өзбек тараптын демилгеси менен бир тараптуу жабылган. Бүгүн, 12-сентябрда жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылат. Кийинчерээк авто транспорт үчүн да ачылышы мүмкүн», — деди аталган өткөрүү пунктунун башчысы Алайбек Кожошов.

Пример HTML-страницы

Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана өзбек тараптын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын делегациясын Париждеги Паралимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчулар Темурбек Гиязов (бийиктиктен секирүү) жана Бобиржон Омонов (ядрпону түртүп ыргытуу) тосуп алды. Ошондой эле бийчилер «Андижан полькасын» бийлешти. Ал эми Кыргызстандын чыгармачыл жамааты өзбекстандык конокторго ыр тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️