Пример HTML-страницы

Кыргызстандык кыз «Крокус Сити Холлдогу» теракта каза болду деп табылды. Кичи мекенинде тажиясы өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдардын биринде «Крокус Сити Холлдун» концерттик залындагы кол салуудан каза болгон адамдардын тизмесине кошулган кыргызстандык кыздын тажиясы өттү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, апрель айында маркум кыздын ата-энеси айылда чакан тажыя гана өткөрдү, бирок жаназа окулган жок.

Буга чейин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-марттагы «Крокус Сити Холлдун» концерттик залындагы кол салуудан каза болгон адамдардын тизмесине дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын 2 жаранын кошкон. Алар — Маиза Гүлжигит кызы менен Жусупова Эдита Бакытбековна «Крокус Сити Холлдо» эмгектенишчү.

Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Крокус Сити Холлдо» болгон теракттын кесепетинен кыргызстандык эки кыздын каза болгону тууралуу айтууга али эрте экенин билдирген.

Министрлик генетикалык экспертизалар бүтө электигин белгилеген.

«Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын маалыматтары да камтылган. ДНК тесттин жыйынтыгы даяр эмес», — деп билдирген Тышкы иштер министрлиги.

26-марттан бери бул жагдай боюнча расмий маалымат бериле элек. Генетикалык экспертизалардын жыйынтыгы боюнча расмий маалымат айтылган жок.

2024-жылдын 22-мартында «Крокус Сити Холлго» куралчан адамдар кирип, ок атып, андан кийин өрт коюшкан. Анын кесепетинен 145 адам каза болуп, 500дөн ашык адам жабыркаган. Теракт иши боюнча 12 адам айыпталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE