Кыргызстандык боксчулар Кытайдагы мелдеште эки алтын, төрт коло утту

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандык боксчулар Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Медалдардын экөө алтын, төртөө коло. Алтын байгени Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) уткан. Ал эми коло байгени Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) тагынган.

Ошондой эле бүгүн, 9-октябрда 67 кг салмакта Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн таймаш өткөрөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️