Кыргызстандык 16 балбан Казакстандагы мелдешке катышат

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары Казакстандын Атырау шаарында өтө турган Oil Capital Cup эл аралык мелдешине катышат.

Кыргызстандан бул мелдешке 16 спортчу барат. Турнир бүгүн, 17-сентябрда башталып, 20-сентябрда жыйынтыкталат.

Биринчилерден болуп килемге грек-рим балбандары чыгат.

Грек-рим балбандары:

  • Акыл Сулайманов жана Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг)
  • Раззак Бейшекеев жана Аманат Самат уулу (67 кг)
  • Адилхан Нурланбеков жана Имур Темирбеков (72 кг)
  • Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг)
  • Бекзат Орункул уулу (82 кг)
  • Нурманбет Райымалы уулу (97 кг)
  • Эрлан Манатбеков (130 кг)

Эркин күрөш боюнча балбандар:

  • Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг)
  • Улукбек Жолдошбеков (65 кг)
  • Эрназар Акматалиев, Өмүрбек Таалайбек уулу (70 кг)
  • Нуртилек Карыпбаев (86 кг)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️