Кыргызстандагы эң уулуу жыланды Чүйдүн тоосунан жолуктурушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоолорунда жылуу аба ырайынан улам көптөгөн жыландар пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, калкантумшуктар (жыландын бир түрү) ээн жерлерден сойлоп чыгып, таштарда жана чөптөрдө, күндүн жылуулугу тийген жерлерде пайда болгон. Аларга чабандар, саякатчылар же мергенчилер байкабай тепселеп алышы мүмкүн.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, аталган жыландар Кыргызстанда эң көп кездешкен уулуу жылан.

«Булар Кыргызстандын тоолорунда деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашык бийиктикте жолуктурса болот. Жыландын узундугу 70-90 сантиметрге чейин жетет. Аталган жылан башкалардан үч бурчтук башы менен айырмаланып турат. Жыландын башын ири калканчтар жаап тургандыктан, калкантумшук аталышы пайда болгон.

Калкантумшук — оюкбаш жыландардын бир уруусу. Эгер чагып алса аябай оорутат. Бирок чоң адам үчүн өлүмгө алып келбейт. Чагып алган жер канашы мүмкүн. Анын уусунда нерв системасына таасир этүүчү жана дем алууну шал кылуучу зат бар. Чагып алган жерди марганцовка менен дарылап, андан кийин жабырлануучуга көбүрөөк суу жана организмдеги аллергиялык реакцияны жоюуга багытталган дары-дармектерди берүү керек. Андан кийин жабырлануучуну тез арада жакынкы медициналык мекемеге жеткирүү зарыл», — деп билдирди биолог.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️