Пример HTML-страницы

Кыргызстандагы алгачкы VAR системасы ийгиликтүү сыноодон өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Кыргызстандагы алгачкы VAR калыстарга видео жардам берүү системасы сыноодон өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган системанын тестирлөөсү «Барселона» футбол академиясынын жана «Мурас-Юнайтед» жаштар U-16 командалардын оюнунда орун алды.

Тестирлөө Азия футбол конфедерациясынын VAR боюнча өзбекстандык адиси Жахонгир Саидовдун, кыргыз футбол биримдигинин калыстар бөлүмүнүн өкүлдөрү Спартак Даниленко жана Артем Скопинцевдин жетекчилиги астында өттү. Алар тестирлөө ийгиликтүү болгонун билдиришти.

Расмий түрдө бул система Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жаштар чемпионатында колдонулат. Эл аралык турнир 5-13-июль күндөрү Жалал-Абаддын «Курманбек» стадионунда 6 өлкөнүн курама командаларынын катышуусунда уюштурулат.

  • VAR система (англисче «Video assistant referee»), кыскартылганы VAR — футбол калыстарынын видео кайталоо технологиясын колдонгон жардамчысы. Бул система калыстарга расмий түрдө 2018-жылы жардам бере баштаган. Ага чейин бир катар турнирлерде сыноодон өткөн.

«Курманбек» стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал 3,6 гектар жерди ээлейт. Стадиондо 4 миң 500 орун бар. 12 кызматкер эмгектенет. Аны оңдоо иштери май айында аяктаган.

Буга чейин стадионду оңдоо иштерин демөөрчүлөр каржылап жатканы маалымдалган. Стадионго жалпысынан 40 млн сомдой акча жумшалды.

Оңдоо иштеринин алкагында стадиондун ичине кичи футбол аянтчасы курулуп, 10х15 өлчөмүндө LED экран, аны менен катар стадиондун 4 табарына кубаттуу чырактар орнотулду. Мындай чырактардын жардамында түнкүсүн да кудум күндүзгүдөй оюн ойносо болот. Мындай кубаттуу чырактар Кыргызстанда Бишкектеги «Спартак» стадионунда жана «Курманбек» стадионунда бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE