Пример HTML-страницы

Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо системасы киргизилет

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын май айында контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына иштеп жаткан жана ташылып келген мобилдик аппаратарды идентификациялоо тартибин бекиткен. 2024-жылдын июнь айынан тартып Мамлекеттик идентификациялоо системасында бардык мобилдик аппараттарды милдеттүү түрдө каттоо башталат.

Бул демилге керектөөчүлөрдүн укуктарын контрафакттык мобилдик аппараттарды сатып алуудан, колдонуудан коргойт. Мобилдик байланыш кызматтарынын ачык-айкын жана коопсуз рыногун түзүүгө жардам берет. Ошондой эле коомчулуктун пайдасы үчүн Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жана алдыңкы технологияларды колдонууга умтулуусун көрсөтөт.

Мамлекеттик идентификациялоо системасын же ГСИ системаны киргизүү контрафакттык жана кооптуу мобилдик аппараттардын импортун жокко чыгарат. Бул өз кезегинде уюлдук телефондорду туура эмес пайдаланууну жана уурдоону бир кыйла азайтат.

Кыргызстандын рыногуна (базарына) сатуу же башка ишкердик иш-аракеттер үчүн алынып келген мобилдик аппараттар импорттоочулар тарабынан милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Муну менен мыйзамдуу түрдө импорттолгон, колдонууга коопсуз жана IMEI коду* менен катталган уюлдук телефондорду Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга гана уруксат берилет.

*IMEI коду — SIM-картасы бар ар бир мобилдик аппаратка ыйгарылган. Анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 орундан турган номур.

Жөнөкөй колдонуучу үчүн системанын кандай артыкчылыктары бар?

Система импорттук аппараттардын оригиналдуулугун текшерет жана Кыргыз Республикасынын рыногунда оригиналдуу уюлдук телефондор гана сатылышын камсыздайт. Колдонуучулар мобилдик телефондорду коопсуз сатып ала алышат. Анткени эл аралык стандарттарга жооп берген мобилдик аппараттарды гана сатууга уруксат берилет.

Система ишке киргизилгенден кийин алдамчылык жана/же террористтик максаттарда пайдаланылган мобилдик аппараттар КР мобилдик байланыш тармактарына кирүү мүмкүндүгүсүз заматта бөгөттөлөт.

Ошондой эле системаны киргизүү телефон аппараттарын уурдоого чоң таасирин тийгизет. Анткени азыр жарандар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылганда система мындай аппаратарды бөгөп (блоктоп) калат. Бул андан ары аны КР базарынын ичинде колдонууга жана/же сатууга мүмкүндүк бербейт.

Мобилдик телефонуңузду кантип текшерсе болот?

Мыйзамсыз киргизилген мобилдик аппараттарды сатып алуудан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн КР ичинде сатып алуунун алдында милдеттүү түрдө телефондорунун IMEI коду (коддору) боюнча аныктыгы жана ГСИдеги каттоо статусу текшерилиши керек. Мындай текшерүү төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

1. www.imei.kg сайтында

2. Байланыш операторлорунун тиркемелери аркылуу: Мой Beeline, Mega 24, Мой О!

Жеке телефон аппаратын каттоо зарылбы?

Эскерте кетсек, мындан ары Кыргыз Республикасынын рыногунда (анын ичинде дүкөн текчелери жана онлайн базарлар) ГСИ тарабынан катталган мобилдик аппараттар гана сатууга уруксат берилет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын аймагында аппараттарды сатып алган адамдар аларды өз алдынча каттоого муктаж эмес.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган бардык уюлдук телефондор ГСИ тарабынан бекер каттоодон өткөн. 2024-жылдын июнь айында пландаштырылган системаны толук масштабдуу ишке киргизүүгө чейин телефондоруңузду бекер каттоого убакыт алуу үчүн жөн гана Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM-картасын активдештирүү жетиштүү.

Системаны ишке киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке колдонуу үчүн сатылып алынган бардык уюлдук телефондор (мисалы, эгерде колдонуучулар чет өлкөдөн аппараттарды алып келишсе же аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары онлайн булактардан, мисалы, Wildberries сыяктуу эл аралык базарлардан сатып алышса), Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б.) сайтында жарыяланган нускамаларга ылайык www.imei.kg сайтында катталуу керек.

Роумингде (чет элдик байланыш операторлорунун SIM карталарын колдонуу) мобилдик аппараттар каттоону талап кылбайт.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн ГСИ сайтына кириңиз: www.imei.kg

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE