Кыргызстанда кирген-чыккан сайын паспорт текшерилген айылда өрүктөр эми бышып жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Кара-Шоро айылында өрүк эми бышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына бүгүн, 25-октябрда жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, элет тоолуу жана деңиз деңгээлинен 1903 метр бийиктикте жайгашкан. Аймак кышкысын суук, жазында салкын.

Орозбеков айыл өкмөтүнүн башка айылдарынын да жайыт, эгин талаалары ушул айылда жайгашкан. Облустун башка аймактарында өрүк сезону августка чейин эле аяктаса, Кара-Шоро айылында октябрь айында бышууда. Муну айылдыктар климаттын салкын экени менен байланыштырышат. Алар азыр бышкан өрүктөрдү кургатууга да ыңгайсыз экенин кошумчалашты.

Буга чейин май айында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы 44 үй-бүлө жашаган Кара-Шоро айылынан кабар алып келген.

Пример HTML-страницы

Маалым болгондой, бул айыл Өзбекстандын Шахимардан анклавы менен чектешет. Жергиликтүү тургундар Көтөрмө айыл өкмөтүнө же Кадамжайга барыш үчүн сөзсүз түрдө паспортун ала жүрүшөт. Анткени 4 өткөрмө посттон паспорт менен гана өткөрөт. Ал дагы кечки саат 23:00гө чейин гана ачык болгондуктан түндө район борборуна каттоого болбойт. Мындай шарт элеттиктерге кыйынчылык жаратат.

«Кара-Шоро айылында 44 кожолукта 200дөн ашуун адам бар. Айылда 1 гана мектеп бар, ФАП жок. Эл медициналык жардам алуу үчүн район борборуна келишет. Ар кандай учур болуп калат. Түндө посттор жабылып калганда элге кыйын болот. Түнкү саат 23:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин жабылат.

Негизинен Көтөрмө айыл өкмөтүндө 10 айыл болсо, анын алтоосунун жайыт жерлери ушундай антклавдан өтөт. 300 гектардай эгин талаалар ушул жакта. Кара-Шоро айылында жашоочулар да топоз багып, дыйканчылык кылып алектенишет. 400дөн ашуун топоз бар. Башка айылдардын жашоочулары да ал жакта дыйканчылык кылышат. Баары паспорт менен өтүшөт. Паспортторун жоготуп алган учурлар болот. Мындайда биз, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү кызматтар аралашып анан өткөрөбүз», — деген Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Райимбек Таабалдиев.

Кара-Шоро айылы район борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көтөрмө айыл өкмөтүнө чейинки аралыгы 28 чакырымды түзөт. Климаты кышкысын катаал, жазында салкын. Айылдан Ак-Суу дарыясы өтүп, суу таңкыстыгы жок. Айылдагы мектепте учурда 15 окуучу билим алууда.

Оңдолуп жаткан жол:

Быйыл жазда Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу өткөн Кара-Шоро айылынын жолу оңдолуп жатканы белгилүү болгон. Ак-Кайың туристик жайына кеткен алтернативдүү жолду кеңейтүү жана тегиздөө жумуштары жүрүп жатканы айтылган. Жолдун жалпы узундугу 18 чакырым. Ал ашар жолу менен оңдолуп жаткан.

Багбандардын даттануусу:

2-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Баткен облусунун менен болгон жолугушуусунда өрүк сатуу маселеси көтөрүлгөн. Багбандар дыйкандар өрүктүн баасы кескин түшүп, баргек өрүктөр сапатына жараша эң алды 250 сомдон, кургатылган тоголок өрүктөрдүн алды 450 сомдон сатылып жатканын айтышкан.

Эдил Байсалов багбандарды кооператив болуп иштөөгө чакырган. Анткени экспортко чыгарууда, түшүмдүн сапаты анан көлөмү талап кылынат.

Баткен өрүгүнүн баасы:

Баткен облусу жыл сайын миңдеген тонна өрүк эскпортойт. 2022-жылы облус 2500 тонна ак өрүк экспорттогон. Анда өрүктүн алды 230 сомго чейин сатылган.

Жалпы облус боюнча 8000 гектарга жакын өрүк бактары бар. Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Кара-Булак айыл аймактарындагы жергиликтүү ишкерлер тарабынан экспортко чыгарылган. Баткен шаарында 1 кг ак өрүктүн баасы 80 сомдон 230 сомго чейин бааланса, Кадамжайда 80-100 сомдон сатылган.

2022-жылы август айында Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыккан болчу.

  • Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар өрүк сатуудан 200 млн сомдон 575 млн сомго чейин табышы мүмкүн.

2023-жылы февраль айында Баткен шаарынын өрүк базарында өрүк азайып, баасы кайра кымбаттай баштаганы кабарланган.

Маалыматка караганда, базарда жаңы жылга чейин өрүк кагы көп болгондуктан баа төмөндөп кеткен. Тактап айтканда 1 килограммы 900 сомго сатылган өрүк 500-600 сомго чейин түшкөн. Жаңы жылдан тарта базарга өрүк кагы аз кирип, баа кайра көтөрүлө баштаган.

Базарда өрүк баргектин 1 килограммы 500 сомдон 800 сомго чейин жетти. Ал эми кара өрүк, дарыланбаган, күнгө кургатылган өрүктүн 1 килограммы 300 сомдон 600 сомго чейин өскөн. Баргекке жарабаган, дарыланган өрүк 45 сомдон 200 сомго чейин сатылган.

  • 2023-жылы апрель айында Баткен районунун тоолуу аймактарында суук аба ырайынан улам өрүктөрдүн гүлүн үшүк уруп кеткен.

2023-жылдын май айында өрүктүн 1 кг абалына жараша 50 сомдон 100 сомго чейин бааланса, июнь айында 1 кг баасы 25 сомдон 30 сомго чейин түшкөн. Буга өрүктүн түшүмү мол болушу, экинчиден кошуна Өзбекстандын өрүктөрү Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө экспорттолушу, Өзбекстанда 5-10 сомго арзан сатылышы таасир берген.

Баргек өрүк:

  • Баткен кургатылган өрүктүн баргек түрү кара какка салыштырмалуу бир топ кымбат сатылат. Андыктан көпчүлүгү атайын ыкма менен өрүктөрдү данегинен ажыратып, баргек (баргек — данегинен ажыратылган өрүк) жасашат. 2023-жылы баргектин жогорку сорту 250 сомдон бааланган.
  • 2022-жылы Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыккан болчу.

Баргек жасоо үчүг өрүк өтө эзилип бышып калганга чейин дарагынан алынышы керек. Антпесе эзилип бышкан өрүктүн көрүнүшү бузулуп, өтүмдүүлүгүн жоготуп алат. Өрүк дарактан кагылып алынгандан кийин үкөктөргө салынып, 8-9 саат алтын күкүрт өрүк дарысы менен дымдалып турат. Алтын күкүрт өрүктүн түсүн андан да жакшыртып, күн нуру тийсе дагы түсүн өзгөртпөйт жана курт-кумурскалардан сактайт.

Дымдалган өрүк күн нурунда 3-4 күн жайылып турган соң данегин ажыратып алууга ыңгайлуу болуп, ар бир өрүктүн данеги ажыратылып, баргекке (баргек — данегинен ажыратылган өрүк) айланат.

Баргек күнгө жайылып, качан гана ширеси жок болуп, кургап калган учурда жыйылып алынат. Өрүктүн баргекке эң жарамдуу сорту үч-коргон деп аталат.

Кышындагы баа:

2024-жылдын январь айында Баткен шаарындагы өрүк базары солгундап жатканы кабарланган. Анткени баа арзан. Багбандардын көпчүлүгү баанын көтөрүлүшүн күтүп, өрүктөрүн сактап отурушканы айтылган. Анткени эң кымбат болгон, данеги чыгарылган кара өрүктөр (кара как) өткөн жылы 1000 сомго чейин сатылса, быйыл 400 сомго чейин бааланган. Андыктан таза өрүктөрдү азырынча базардан жолуктуруу кыйын болчу.

Дарыга ышталып, данегинен ажыратылган баргек өрүктөр 400 сомго чейин сатылса, ышталган данектүү өрүктөрдүн 1 килограммы 150 сомго чейин сатылган. Дарыланбаган кара өрүктөр сапатына жараша 150 сомдон, 350 сомго чейин сатылган.

Данеги чыгарылып, кургатылган кара өрүктөрдүн 1 килограммы 300-400 сомдон, майда, эти жука кара өрүктөр 20-60 сомго чейин бааланган.

  • Баткен облустук администрациясынын маалыматына караганда, облус аймагында 8 миң гектар өрүк багы болсо, андан жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйналып алынат. Анын 20% гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилсе, 80% чет мамлекеттерге экспорттолот. 8 миң гектар өрүк бактын, 900 гектарын ак өрүк түзөт. Облуста өрүктүн сууханы, кандек, исфарак, жолчу, курмайы, ашкана сорттору кенен тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️