Пример HTML-страницы

Кыргызстанда «алтын балыкты» кайсы жерден кармаса болот?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарынын балыкчы-спортчусу Николай Радченко алтын сары таман балыктарды кантип жана кайдан кармоого болорун айтып берди.

«Буга чейин Кыргызстандын ар бир суу сактагычында кадимки таман балыгы — салмагы 50 граммдан 700 граммга чейинки кичинекей балыктар жашачу. Аларды кайырмак менен кармоо абдан кызыктуу. Таман балыгы — өтө жөнөкөй балык, ал кычкылтеги төмөн суу сактагычтарда жашайт. Эң негизгиси ушундай суу сактагычты таап, кайырмакты ыргытып, күтүү керек. Алар сөөлжан, жүгөрү жана нанга келет. Салмагы 150 граммдан 300 граммга чейинки алтын балыкка окшош таман балык жемди ач көздүк менен тиштеп, анан тузакка түшөт. Буга чейин Кыргызстандын бардык жеринде алтын сары таман балыгы жашачу. Кийинчерээк Амур дарыясынын алабынан бүткүл дүйнөгө тараган күмүш балыктарга айланып, азыраак кездеше баштады», — деди ал.

Өз кезегинде биолог Ирина Стежко алтын сары таман балыктарынын санынын акырындык менен азайышына анын күмүш таман балыктары менен аргындаштырылышы себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи.

И.Стежко бул балыктын эти кальций, Е витами, никель, магний, темирдин жеткиликтүү булагы экенин белгиледи.

«Балыкты үзгүлтүксүз колдонуу сөөктүн, чачтын жана тырмактын абалына оң таасирин тийгизет. Богоктун (калкан безинин чоңоюшу) алдын алуу үчүн таман балыгынын этин жесе болот. Анын аш болумдуулугун тоок этине салыштырса болот», — деп кошумчалады ал.

Чүй облусунун Жайыл районунда таман балыктын килограммы 180 сомдон 230 сомго чейин жетет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE