Кыргызстанда «үч бурчтуу» авикаттам киргизүү пландалып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-сентябрда «Ош» эл аралык аэропортуна ата мекендик компания сатып алган «Bombardier Dash 8-Q400» учагы жүргүнчүлөр менен бирге учуп келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Учак 80 орунга ылайыкталган. Жүргүнчү Салтанат Бакаева Нарындан Ошко кудага келгенин айтты. Ал билетти 23-сентябрда 3250 сомго сатып алган.

«Абдан жакшы учуп келип алдык. Билеттин баалары өзгөрүп турат экен, 3500, 3700 сомго чейин көтөрүлүп, кайра түшөт. Учактын ичи да ыңгайлуу», — дейт ал.

Дагы бир жүргүнчү Мөнөкбай Мараимов учак менен тез келишкенин айтты.

«Билетти мага неберелерим алып беришти, канчага алганын билбейм», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ал эми Министрлер кабинетинин алдындагы Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостоновдун айтымында, Ош—Бишкек каттамына күнүнө 2-3 каттам киргизүү пландалып жатат. Билеттерди канчалык эрте сатып алса, ошончолук арзан болот.

«Үч бурчтуу» каттам киргизебиз деп пландап жатабыз. Мисалы, Бишкек—Талас—Ош, кайрадан Ош—Талас—Бишкек кылып же дагы башка «үч бурчтуу» каттамдарга туура келген жолдорду киргизебиз деп турабыз», — деди Бостонов.

Авиакомпаниянын коммерциялык директору Айдай Шайдылдаеванын маалыматына караганда, күн сайын Ошко каттамдар бар. Эртең жана бүрсүгүнү Жалал-Абадга болот. Ал эми Таласка бир жумадан кийин каттап баштайт. Баткенге да каттам киргизүү пландалууда.

————————————————————

2024-жылдын 6-сентябрында Бишкек шаарына ата мекендик компания үчүн сатылыпп алынган алгачкы учагы конгон.

Учак былтыр сентябрь айында сатып алынган. Ал ички каттам үчүн пайдаланылат, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жакын шаарларына каттайт. Экинчи учак октябрь айында, ал эми үчүнчү учак 2025-жылдын май айында келери кабарланды.

Толугу менен бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️