Turmush — Кыргызстандык авиакомпания сатып алган «Bombardier Dash 8-Q400» учагы бүгүн, 24-сентябрь күнү «Талас» аэропортуна учуп келди.
Маалым болгондой, адистер аэропортту техникалык текшерүүдөн өткөрүштү.
24-апрель күнү Талас шаарына Россиядан келген «АН-26» аскердик учагы конгон. Аны менен Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик музыканттары Улуу Жеңиш 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында учуп келишкен.
Буга чейин 6-сентябрда «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын алдындагы авиакомпания үчүн сатып алынган алгачкы учак келип конгону кабарланган. Учак былтыр сентябрь айында сатып алынган. Ал ички каттам үчүн пайдаланылат, Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жакын шаарларына каттайт. Экинчи учак октябрь айында, ал эми үчүнчү учак 2025-жылдын май айында келери айтылган.
«Bombardier Dash 8 Q400» учагынын негизги мүнөздөмөлөрү
Өлчөмү
Узундугу (м) — 32.8
Канатынын жалпы узундугу (м) — 28.4
Бийиктиги (м) — 8.4
Канатынын аянты (чарчы м) — 63.1
Салмагы
Учуудагы максималдуу салмак (кг) — 29 260
Жүргүнчү жүктөөдөгү максималдуу салмак (кг) — 28 010
Бош абалдагы (кг) — 17 110
Мунай жок абалдагы салмак (кг) — 25 850
Максималдуу коммерциялык салмак (кг) — 8 750
Май куюу сыйымдуулугу (л) — 6 530
Учуу мүнөздөмөсү
Максималдуу салмак менен учуу аралыгы (км) — 2 500
Крейсердик ылдамдык (км/ч) — 667
Учуу бийиктиги (м) — 8 200
Учуудагы аралык (м) — 1 300
Конуудагы аралык (м) — 1 290
Кыймылдаткычтары P&WC PW150A, 2 x 5075 л.с.
Жүргүнчү салону
Орундуктардын саны (эконом) — 70-78
Орундуктардын арасындагы аралык (см) — 76-84
Салондун узундугу (м) — 18.8
Салондун туурасы (м) — 2.51
Салондун бийиктиги (м) — 1.95
Ортодогу өтүүчү аралык (м) — 0.40
Отургучтун туурасы (м) — 0.44
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.