Кыргызстан жаңы сатып алган «Bombardier» учагы Талас шаарына учуп келди

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык авиакомпания сатып алган «Bombardier Dash 8-Q400» учагы бүгүн, 24-сентябрь күнү «Талас» аэропортуна учуп келди.

Маалым болгондой, адистер аэропортту техникалык текшерүүдөн өткөрүштү.

24-апрель күнү Талас шаарына Россиядан келген «АН-26» аскердик учагы конгон. Аны менен Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик музыканттары Улуу Жеңиш 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында учуп келишкен.

Буга чейин 6-сентябрда «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын алдындагы авиакомпания үчүн сатып алынган алгачкы учак келип конгону кабарланган. Учак былтыр сентябрь айында сатып алынган. Ал ички каттам үчүн пайдаланылат, Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жакын шаарларына каттайт. Экинчи учак октябрь айында, ал эми үчүнчү учак 2025-жылдын май айында келери айтылган.

«Bombardier Dash 8 Q400» учагынын негизги мүнөздөмөлөрү

Пример HTML-страницы

Өлчөмү

Узундугу (м) — 32.8

Канатынын жалпы узундугу (м) — 28.4

Бийиктиги (м) — 8.4

Канатынын аянты (чарчы м) — 63.1

Салмагы

Учуудагы максималдуу салмак (кг) — 29 260

Жүргүнчү жүктөөдөгү максималдуу салмак (кг) — 28 010

Бош абалдагы (кг) — 17 110

Мунай жок абалдагы салмак (кг) — 25 850

Максималдуу коммерциялык салмак (кг) — 8 750

Май куюу сыйымдуулугу (л) — 6 530

Учуу мүнөздөмөсү

Максималдуу салмак менен учуу аралыгы (км) — 2 500

Крейсердик ылдамдык (км/ч) — 667

Учуу бийиктиги (м) — 8 200

Учуудагы аралык (м) — 1 300

Конуудагы аралык (м) — 1 290

Кыймылдаткычтары P&WC PW150A, 2 x 5075 л.с.

Жүргүнчү салону

Орундуктардын саны (эконом) — 70-78

Орундуктардын арасындагы аралык (см) — 76-84

Салондун узундугу (м) — 18.8

Салондун туурасы (м) — 2.51

Салондун бийиктиги (м) — 1.95

Ортодогу өтүүчү аралык (м) — 0.40

Отургучтун туурасы (м) — 0.44

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️