Кыргызстан ноябрда Иран жана БАЭ менен ойнойт. Машыгуулар Катарда өтөт

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында ноябрда өтө турган эки беттешине даярдык көрө баштайт. Бул тууалуу Кыгыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираттары менен конокто, 19-ноябрда Иран менен Бишкекте ойнойт.

Курама команда бул беттештерге даярдык көрүү үчүн 6-нобрдан тартып Катардын Доха шаарында машыгууларын баштайт. Машыгуу аяктагандан кийин 12-ноябрда Абу-Дабиге барат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 оюн өткөрдү. Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, төртүнчүсүндө Түндүк Кореяны 1:0 менен уткан.

Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Иран (10 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (4 упай), Катар төртүнчү (4 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.

Кыргызстан дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 4-баскычына өтө алабы?

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️