Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Унаалар убактылуу жол аркылуу каттайт

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Аталган аймакта транспорт каражаттары үчүн убактылуу каттам уюштурулат.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын 10-июлунда аталган көпүрөнү сел алып кеткен. Ал Көк-Терек айылында, Достук—Ак-Сай унаа жолунда жайгашкан. Каттам убактылуу жабылган.

Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун мамлекеттик администрация башчыларынын, Кыргызстандын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигинин №2 жол тейлөө ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүдө убактылуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган.

Кыймыл жаңы көпүрө курулганга чейин сел каналынын жээги боюнча жүргүзүлөт.

Пример HTML-страницы

Аталган көпүрө Кыргызстандын Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Чоркух айылын байланыштырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️