Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациясы жолугушуп, спорттук мелдеш өткөрүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Шархобод айылы чектешкен аймакта жолугушуу өттү.

Жолугушууга Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер, Сох районунун акими Саидазим Саидмусаев жетектеген делегация катышты.

Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактарды алыдын алуу боюнча сүйлөштү. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Таян-Сай унаа жолун куруу жана Чарбак, Согмент айылдарынын суу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында достукту бекемдөө максатында жетекчилер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️