Turmush — Таластагы лицейдин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова жалпы республикалык тестирлөөдө Кыргызстандагы алдыңкы 3 окуучунун бири болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун кызы. Бирок ата-энеси Чүй облусунун Сокулук районунда жашап келет. 7-класстан тарта Талас шаарындагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинде билим алып келет.
«Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 балл алдым. Алгач укканда аябай сүйүндүм, үйдөгүлөр дагы абдан сүйүнүштү. Окуу процессинде эле абдан даярдык болгон. Лицейде кыздар бири-бирибизге абдан жардам беребиз. Мугалимдер кошумча сабактарды өтүп, тапшырма беришет», — деди ал.
Эльнура буга катар эле Кыргызстанда жогорку билим аларын айтты.
«Ала-Тоо» университетине же Борбордук Азиядагы Америка университетинин эл аралык байланыш бөлүмүнө тапшырам деп ойлонуп жатам. Англис тилин абдан жакшы көрөм. 10-класста англис тили боюнча олимпиада республикалык турда 1-орунду ээлегем. 11-классымда республикалык турда 3-орунду алдым.
Ата-энеме колдоосуна, менин билимиме каражат жумшап, келечегиме жол ачып жаткан аракеттерине аябай ыраазымын«», — деди ал.
Эльнура Эркинбекова үй-бүлөдө 3 бир тууган.
Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.
Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:
— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;
— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.
«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:
Бишкек – 34,
Чүй облусу – 7,
Ош шаары жана Ош облусу – 6,
Жалал-Абад облусу – 3,
Нарын облусу – 3,
Талас облусу – 2,
Баткен облусу – 1,
Ысык-Көл облусу — жок.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.