Пример HTML-страницы

Кыргызстан боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова кайсы жакта билим аларын ачыктады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаластагы лицейдин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова жалпы республикалык тестирлөөдө Кыргызстандагы алдыңкы 3 окуучунун бири болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун кызы. Бирок ата-энеси Чүй облусунун Сокулук районунда жашап келет. 7-класстан тарта Талас шаарындагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинде билим алып келет.

«Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 балл алдым. Алгач укканда аябай сүйүндүм, үйдөгүлөр дагы абдан сүйүнүштү. Окуу процессинде эле абдан даярдык болгон. Лицейде кыздар бири-бирибизге абдан жардам беребиз. Мугалимдер кошумча сабактарды өтүп, тапшырма беришет», — деди ал.

Эльнура буга катар эле Кыргызстанда жогорку билим аларын айтты.

«Ала-Тоо» университетине же Борбордук Азиядагы Америка университетинин эл аралык байланыш бөлүмүнө тапшырам деп ойлонуп жатам. Англис тилин абдан жакшы көрөм. 10-класста англис тили боюнча олимпиада республикалык турда 1-орунду ээлегем. 11-классымда республикалык турда 3-орунду алдым.

Ата-энеме колдоосуна, менин билимиме каражат жумшап, келечегиме жол ачып жаткан аракеттерине аябай ыраазымын«», — деди ал.

Эльнура Эркинбекова үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:

— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;

— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE