Пример HTML-страницы

Кыргызча сүйлөй албай жүрүп айылга келин болгон Асел Мамытова мугалим болуп иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Май айылынын 46 жаштагы тургуну Асел Мамытова кыялындагы кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүй облусунун Шопоков шаарында туулган. 1994-жылы орто мектепти аяктап, И.Раззаков атындагы техникалык университетинин технология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды 1999-жылы ийгиликтүү аяктагам. Андан кийин И.Арабаев атындагы университетинин филология бөлүмүнө тапшырып, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

« Жолдошум Бактыбек Мамытов менен 1997-жылы таанышканбыз. Анда мен студент болчумун. Биз үй-бүлөдө 3 кызбыз. Ата-энем, баарыбыз кичинебизден орусча баарлашып, кыргызча сүйлөбөйт элек. Бирок биз сүйлөшүп жүргөндө эле, жолдошум кыргызча сүйлөчү. Аны түшүнчүмүн (күлүп).

Жолдошум Ленинград институтун аяктаган. Өзү абдан токтоо, эмгекчил, ошол сапаттары менен жаккан. Өзү Россияда окууну аяктаганы менен орусча көп сүйлөчү эмес. Мен 4-курста турмуш курдук. Ал мени айылга акырындап көндүрдү. Башында 1 жумага алып келчү. Анан 1 айга келип жаттык. Анан дипломду аларым менен көчүп келдик. Кайын энем менен кайын атам абдан жакшы кишилер болчу. Мага абдан жардам беришти. Мен такыр кыргызча сүйлөй албай абдан кыйналдым. Түшүнөм, оюмду кайра айта албайм. Акырындап элге аралашып үйрөндүм. Ошону алар түшүнүп, мага эч нерсе деп нааразы болушпай үйрөтүштү. Баары мени «орус» деп чакырчуу. Абысындарым бүгүнкү күнгө чейин «орус» деп чакырып катышат. Өзүмдүн ата-энем, бир туугандарым бүгүнкү күнгө чейин «көнүп кеттиң» деп таң калышат.

Келин болгондон кийин талаа иштерин үйрөндүм. Уй саап, үй жумуштарынын баарына жетишип кылам. Мунун баарына жолдошумдун колдоосу дагы чоң жардам берди. Абдан сабырдуу киши. Экөөбүз жетелешип, жашоонун ысыгына дагы, суугуна дагы чыдадык», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мугалимдик кесипти 2011-жылдан тарта аркалай баштаганын кошумчалады.

«Өзүм кичинемден орус классиктерин окуганды жакшы көрчүмүн. Балдар менен иштейм деген дагы кыялым болчу. 3 уул, 1 кыздуу болуп, аларды чоңойтуп, үйдө болдум. 2011-жылы гана өзүмдүн кесибим менен иштеп баштадым. Айылыбыздагы Б.Узенов атындагы орто мектебине орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин ошол мектепте сүйүктүү кесибимди аркалап келем.

Эң эле кызыктуу учур, жаңы жумушка кирген жылдар болду. Мен кыргыз тилинде акцент менен сүйлөсөм керек. Мен сүйлөсөм эле балдар күлө беришчү. Алар орусча сүйлөсө менин күлкүм келет эле. Азыр сабагымды сүйүп окуган окуучуларым көп. Интерактивдүү ыкмалар менен сабак өтөм. «Жыл мугалими» сынагына катышып, облустук турда 1-орунду ээлегем. Башка дагы сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келебиз. Мунун баарына менин гана эмес, мен берген тапшырманы так аткарган окуучуларымдын салымы дагы чоң. Сабакты ар дайым аларга кызыктуу, ар кандай карта, тесттер менен өткөндү жакшы көрөм. Окуучуларым дагы ошону бат кабыл алышат», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE