Пример HTML-страницы

Кыргыз жигитине турмушка чыгары менен мусулманга айланган Виолетта Зайцева

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Рот-Фронт айылынын тургуну Виолетта Зайцева. Бир ай мурун кыргыз жигити менен баш кошкон орус кызы кайын журтка кызмат кылып жатканын билдирди.

«Мен 2003-жылы 16-сентябрда Рот-Фронт айылында жарыкка келгем. Ушул эле айылдагы мектепте билим алып, учурда Токмок медициналык колледжин аяктап жаткан чагым. Окуу менен бирге келиндик доорду да сүрүп жатам десем болот. Бул жылы турмуш жолуна аттанып, жашоомдун жаңы барактары ачылды.

Өзүм туулуп-өскөн Рот-Фронт айылына келин болдум. Жолдошумдун аты-жөнү Акылбек Карасартов, 28 жашта, автоэлектрик болуп эмгектенет. Экөөбүз достор аркылуу таанышып калып, 1 жылча кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Жолугушуулардын биринде ал мага баш кошуу сунушун киргизди, мен дароо макул болдум. Кыз-жигиттин мамилеси үйлөнүү менен аяктаса сонун эмеспи», — деди ал.

Анын айтымында, үйлөнүү той кыргыздын каада-салты менен өткөрүлдү.

«Бул чечимиме ата-энем эч кандай каршылык көрсөтүшкөн жок, тескерисинче бизге бакыт каалап, абдан кубанышты. Атам орус, апам украин улутунан. А мен кыргыз үй-бүлөгө келин болдум. Кыргыздардын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманышкандыктан бизде нике кыйылды. Дал ошол учурдан баштап мен мусулман аталдым.

Ушул жылдын 30-апрелинде үйүмдөн алып келип, 12-майда үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Баары кыргыздын каада-салты менен уюштурулду. Учурда кайната жана кайненем менен чогуу жашайбыз. Кайын журт тараптан да эч кандай каршылыктар болгон жок, босогону аттагандан тарта алар мага өз кызындай мамиле кылып жатышат. Кичинекей кезимден тарта кыргыздар менен жуурулушуп чоңойгом. Мындан улам жаңы үй-бүлөгө көнүп кетүү кыйынга турган жок.

Келечекте жолдошум экөөбүз өзүнчө үй куруп, көптөгөн уул жана кыздардын ата-энеси болуп, аларга татыктуу тарбия берүүнү кыялданабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Виолетта Зайцева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE