Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн Сергей Ганнов Караколдогу архитектура башкармалыгында жаңы кызматка дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп Сергей Ганнов дайындалды.

Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдагы 12-июлунун №151-к буйругуна ылайык, Ганнов Сергей Олегович 2024-жылдын 12-июлунан баштап мамкурулуштун алдындагы шаар куруу жана архитектура департаментинин Каракол регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалды.

Жаңы жетекчини жамаатка Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Советбек Уралиев тааныштырды.

Сергей Ганнов кыргыз тилинде эркин сүйлөп иш алып барып келет. Анын бул артыкчылыгын Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев да белгилеп, ийгилик каалады.

Эки тилди бирдей билген С.Ганнов буга чейин Turmush басылмасына маек берген.

Пример HTML-страницы

«Мени көрүп, кыргыз тилин билбейт деп сүйлөшө беришет. Мен унчукпай угуп туруп калам. Анан «андай эмес, мындай» деп кыргызча айтып берсем, алар кыжаалат болуп калышат (күлүп). Бир чети алардын оюн да билип калам. Азыр иш кагаздардын баары кыргыз тилинде жүрүп жатат. Ошондой эле электрондук иш кагаздары жүргүзүү системасы менен иш алып барып жатабыз. Мага каттарга учурунда жооп берүүгө жана иш алып барууга тил билүү мүмкүнчүлүгүм жардам берип келет. Ошондуктан мен балдарым да кыргыз тилин үйрөнүшүн каалайт элем. Үйдө орус тилинде сүйлөшөбүз. Эми жубайыма жана балдарыма да кыргыз тилин акырындык менен өздөштүрүүсүнө түрткү болуп жатам», — деген ал.

Макаланы толугу менен бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️