Кыргыз-тажик делегациялары жолугуп, убактылуу жол салмак болушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районундагы сел кеткен аймакта кыргыз-тажик делегациялары жолугушту. Бул тууралуу Баткен районунун акимчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-июлдагы катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Суу-Башы, Ак-Татыр, Дара, Кара-Булак, Кыштут, Самаркандек, Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүргөн.

Ошондой эле Достук–Ак-Сай жолундагы Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Чорку айылыны байланыштырып турган унаа өтүүчү көпүрөнү сел алып кеткен.

Бүгүн 11-июль күнү саат 9:00 чамасында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев тиешелүү жарандык коргонуу кызматынын жетекчилери менен Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту. Анда сел алган көпүрөнү оңдоп-түздөө, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында көпүрөнүн жанынан убактылуу бир тараптуу жол салуу жагы макулдашылды.

Учурда эки тараптын жол тейлөө кызматынын тиешелүү техникалары биргеликте жол ачуу, тегиздөө жумуштарын аткарып жатышат. Баткен районунун чек ара аймагында коомдук-саясий абал тынч.

Пример HTML-страницы

————————————————

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Терек айылындагы Достук—Ак-Сай (Ворух–Исфара) унаа жолунда көпүрө бузулуп, каттам убактылуу токтотулганын кабарлаган.

  • Аталган көпүрө Кыргызстандын Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Чорку айылын байланыштырат.




Кечээ саат 16:00дор чамасында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл—Таш—Согмент—Таян жолунуну 3-9-чакырым аралыгында, Сох—Кан—Зардалы жолунун 29-31-чакырым аралыгында, Коргон—Катраң—Баул жолунун 1-15-чакырымдар аралыгында жана Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырым аралыгында, ушул эле жолдун Баткен—Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган.

«Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын №2 жана №13 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринин тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Баткен—Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

———————————————

Кечээ, 10-июлда Баткен районунда жүргөн селден улам Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен жалпы 137 адам туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 50сү жаш бала. Айылдын мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Бирок ал жерде жайгашкан тургундар жок.

Ага катар эле сел үйлөргө, жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

ӨКМ 10-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү ыктымал экенин кабарлаган. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн экени айтылган.

Кечээ, 10-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөнүн кабарлашкан.

Маалыматка караганда, селден улам Айгүл-Таш—Согмент—Таян, Сох—Кан—Зардалы, Коргон—Катраң—Баул унаа жолдору жабылган.

Ошондой эле, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен—Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтогон.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ Баткен районунун Айгүл-Таш айыл аймагында саат 15:30да катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.

Мааалыматка караганда, жааган мөндүр эгиндерди толугу менен талкалады. Кара-Булак айылынын үлүш жерлери да бар. Бул аймакта көпчүлүк тамеки өстүрөт. Айыл Ош—Баткен—Раззаков жолунун эски багытынын боюнда жайгашкан. Айгүл-Таш айылы аркылуу Дара, Кыштут айыл аймактарынын жашоочулары катташат. Селден улам жол убактылуу жабылган.

Буга чейинки жамгыр жана сел:

24-июлда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылган.

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болуп, 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️