«Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы» Оыйса Койлубаев 71 жашында дүйнөдөн кайтты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы мектебинин директорунун мурдагы чарба иштери боюнча орун басары Оыйса Койлубаев 71 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маалыматка караганда, анын сөөгү 6-октябрда Кара-Күңгөй айылында жерге берилет.

Оыйса Койлубаев 1953-жылы 30-августта Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында дин кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1960-1970-жылдары М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинде билим алган. 1971-1973-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөп, «Сержант» деген наамга ээ болгон. 1973-1975-жылы Фрунзедеги кооперативдик техникумду аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1976-1987-жылдары Кара-Кужур керек-жарак коомунда склад башчысы, соода бөлүмүнүн башчысы;

— 1987-1989-жылдары Чолпон айылындагы керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары;

Пример HTML-страницы

— 1998-2016-жылдары Аблес уулу Алайдар атындагы мектепте директордун чарба иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

Эс алууга чыккандан кийин дыйканчылык менен алектенген. Ал «Электро» дыйкан чарбасынын мүчөсү. Кара-Күңгөй кредиттик союзунун текшерүү комиссиясынын төрагасы болгон. Жубайы Айым Жанаева экөө 6 баланы тарбиялап өстүргөн.

Областтык керек-жарак коомунун «Ардак грамотасы», «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү», «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы» медалдары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️