Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулары эл аралык симпозиумга катышып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАзербайжандын Баку шаарында XI эл аралык «Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү» аттуу түрк тилдүү элдердин симпозиуму өтүп жатат.

Иш-чара Нийде Өмер Халисдемир университети (Тңркия), Казак улуттук кыздар университети (Казакстан) жана Баку Евразия университети (Азербайжан) тарабынан өткөрүлүүдө.

Аталган симпозиумга Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин деканы, доцент Каденова Жаннат Токтомаматовна жана кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Исмаилова Бактыгүл Таштемировна илимий баяндамалары менен катышып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын окумуштуулары менен илимий-теориялык жактан пикирлешип, илимий изилдөө ишмердүүлүктөрдү биргеликте жүргүзүүнү мерчемдешүүдө.

Эл аралык симпозиумдун иши 14-июнга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE