Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине 7 облустан келген ак элечек апалар чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын «Аялдар комитети» коомдук бирикмеси тарабынан «Энелер өмүр мүрөгү» аттуу конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга катышуу максатында ар бир облустан келген ак саамай апаларды КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков уюштуруучулар менен биргеликте жандуу чыгарманын коштоосунда тосуп алышты. Аталган конференциянын программасына ылайык жети облустан келген коноктор кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

Иш-чаранын расмий ачылышында президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү куттуктоо сөзүн сүйлөп, жараткан ийгиликтери менен өзгөчөлөнгөн айымдарды ардак грамота менен сыйлады.

Келген конокторго Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген көрүнүктүү айымдар боюнча даярдалган видео тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️