Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги форумга эки өлкөнүн жаштары чогулду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-майда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде аталган окуу жайдын 30 жылдыгына карата Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын «Келечектеги интеграция жана өнөктөштүк» аталышындагы эл аралык форуму өттү.

Форумду университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, кутууктоо сөзүн айтты. Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери «Менин өлкөм, менин окуу жайым» аталышындагы презентациясы аркылуу форумдун ишин улантты. Презентацияда өзү жашаган өлкөнүн, билим алып жаткан окуу жайынын артыкчылыктарын чагылдырып беришти. Сөз кезегинде келген коноктор форум жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгилешип, эки өлкөнүн жаштарын жакындан достошууга үндөп, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу керек экенине токтолушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун чыгармачыл жаштары «Жылдыздуу түн» спектаклинен үзүндү көрсөтүштү. Салтанаттуу концерттен кийин форумдун катышуучуларына үч багыт боюнча атайын мастер-класс өткөрүлдү.

Форумдун соңунда иштелип чыккан инновациялык долбоорлор презентацияланды. Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен форум өз ишин жыйынтыктады.

Эл аралык жаштар форуму Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын демилгеси менен тарых-филология факультетинин тарых жана философия кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE