Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 1-июль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Маалым болгондой, күн тартибинде 3 маселе каралды. Алгач окуу департаментинин директору Алишер Юсупов 2023-24-окуу жылында уюштурулган МАКтын жыйынтыктары жана жаңы окуу жылына алдын ала бөлүштүрүү тууралуу маалыматтарга токтолду.

Андан соң университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университеттин 2023-24-окуу жылына карата ишмердүүлүктүн багыттары боюнча кабыл алынган негизги маселелеринин аткарылуусу, Окумуштуулар кеңешинин 2023-2024–окуу жылындагы чечимдеринин аткарылыштары тууралуу кенен маалымат берди. Угулган маалыматтар Окумуштуулар кеңеши тарабынан талкууланып, ой-пикирлер айтылып аткарылган иштердин токтоом долбоорлору бир добуштан кабыл алынды.

Бүгүнтөн баштап профессордук-окутуучулар жамааты жайкы эс алууга чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE