Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде болочоктогу дизайнерлер кийимдер коллекциясын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-июнда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата инженердик-технологиялык факультетинин колдонмо механика жана дизайн кафедрасы тарабынан «Жыл модасы-2024» сынагы өттү.

Аталган факультеттин текстиль жана костюм искусствосу, дизайн багыттарында билим алган студенттер «Улуттар биримдиги» аталышындагы коллекцияларды эл алдына алып чыгышты. Иш-чарага Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильязбек Исаев, Ош шаарындагы белгилүү дизайнерлер жана башка коноктор катышып, жаш адистердин жасаган эмгектерине эң жакшы деген бааларын беришти.

Соңунда сынактын катышуучуларына дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул сынак студенттердин теориялык алган билимин практикалык жактан бекемдөө максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE