Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде бир нече мааракеге арналган форум өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-ноябрда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында «Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы» аттуу илимий чыгармачыл форум өттү.

Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Улуттук жазуучулар союзунун уюшулгандыгынын 90 жылдыгына жана аны менен катар кыргыз адабиятынын залкар өкүлдөрү — Барпы акындын 140 жылдыгына, Аалы Токомбаевдин 120 жылдыгына, Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына, Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналып уюштурулду.

Форумдун катышуучулары алгач Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна арналган көргөзмө менен таанышып чыгышты. Аталган форумдун расмий ачылышында Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректораты, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын Ош облусу боюнча жетекчилиги, Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы жана Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы куттуктоо сөзүнө чыгышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев онлайн видео куттуктоосун жолдоду.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, азыркы кыргыз мамлекетинин түптөлүшү үчүн жеке кызыкчылыктан өлкө кызыкчылыгын жогору койгон кыргыз элинин алгачкы интеллегенциясына арналган баяндамалар салтанаттуу жыйынды улантты. Аталар баскан жолду чагылдырып, эркиндик үчүн болгон күрөштөгү алардын эрдигин даңазалаган поэзиялык тыныгуу иш-чаранын биринчи бөлүгүн жыйынтыктады.

Форумдун экинчи бөлүгүндө Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдыгына, жез таңдай акын Барпынын 140, Аалы Токомбаевдин 120, кыргыз аялдарынан чыккан белгилүү жазуучу Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына жана Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналган видео тасма көрсөтүлдү.

Пример HTML-страницы

«Кыргыз мамлекетинин калыптанышынын башатында жазуучулардын, жалпы эле чыгармачыл адамдардын орду чоң. Себеби карапайым калктын кызыкчылыгын коргогон советтик түзүлүштү жар салып чыгып, анын артыкчылыктарын калың элдин катмарына жеткирген төкмө акындар, алгачкы басылмалар жарык көрө баштаган күндөн тартып жазма акындар элдин көзүн ачып, жаңы чакырыктар менен калк алдына чыгып турушкан. Ошондон улам иш-чаранын жүрүшүндө белгиленген чыгармачыл инсандардын бейнесин ачып берүү багытындагы баяндамадар иш чараны улантты.

Салтанаттуу жыйынды чыгармачыл жаштар тарабынан даярдалган концерт жыйынтыктады. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, адабиятчылар катышты», — деп айтылат окуу жайдын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️