Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде автордук укук боюнча семинар өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 30-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин изденүүчүлөрүнө «Авторлор үчүн санариптик платформалар илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармалары» аталышында семинар өтүлдү.

Алгач семинардын конокторун университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алды. Жолугуушуда эки тарап профессордук-окутуучулар жамаатынын илим багытында автордук укуктарын коргоо жана коргоонун актуалдуу маселелери жөнүндө кенен талкуулашты.

Андан соң семинар өз ишин улантты. Мында IPChain ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору, юрист, автордук укук боюнча эксперт Ырыскул Турсуналиева, IPChain ассоциациясынын өкүлчүлүгүнүн билим берүү уюмдары менен жүргүзгөн иши, интеллектуалдык менчик тармагында блокчейн технологияларын колдонуу боюнча маалымат берди.

Ал эми IPChain ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун кеңешчиси, автордук укук чөйрөсүндөгү эксперт Жипара Садыкова жана Кыргыз Республикасында NRIS өнүктүрүү бөлүмүнүн директору, эл аралык IT долбоорлорду башкаруу боюнча эксперт Виктор Буняк илим жана искусство чыгармалары автордук укуктун объектилери катары, NRIS жана Art Cloud эл аралык платформасында илим жана искусство чыгармаларынын санариптик депозити деген темалардын үстүндө өздөрүнүн баяндамаларын жасашты. Соңунда университеттин илимий иштер жана инновация боюнча проректору Медербек Исманов, семинар өтүп берген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE