Кыргыз-Өзбек эл аралык университети «Манас» театры менен кызматташуу келишимин түздү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-сентябржа Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, акын Эсенбек Кийизбаев Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине келди.

Окуу жайдын маалыматына караганда, өнөр адамдарын университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ректор «Манас» театры менен ар тараптуу кызматташууга, биргелешкен адабий, маданий иш-чараларды өткөрүүгө окуу жай даяр экенин билдирди.

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору театрдын бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштерине кенен токтолуп, окуу жайдын таланттары менен биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кызыктар экенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарап кызматташуу келишимине кол коюшту.

Андан соң ректор конокторду окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️