Кыргыз-Өзбек эл аралык университети кошуна мамлекеттин 6 окуу жайы менен кызматташтык келишимин түздү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзбекстанда өткөн ректорлордун эл аралык экинчи форумунда эң көп эл аралык келишимдерди Кыргыз-Өзбек эл аралык университети түздү.

Маалым болгондой, 16-17-июлда Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму болуп өттү.

Ага Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегация катышып келди. Анда билим берүү тармагында кызматташуу, санарип доордун заманында чогуу иш алып баруу боюнча бир канча докладдар жасалды.

Аталган форумдун алкагында эң көп эл аралык келишимди Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети түздү. Тактап айтканда Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту, Жизак мамлекеттик педагогикалык институту, Ташкент мамлекеттик техникалык университети, Ташкент мамлекеттик маалымат технологиялар университети, Андижан мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик педагогикалык институттары менен эки тараптуу кызматташтык келишимдерге кол коюлду.

Келишимге ылайык жогорку окуу жайлар биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну, академиялык мобилдүүлүктү уюштурууну колго алып, билим берүү, илим изилдөө багыттарында эки тараптуу иштер аткарылат.

Пример HTML-страницы

Эки өлкөнүн ректорлорунун биринчи форуму 2023-жылы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтүп, ага жалпысынан 100гө жакын ректор катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️