Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыргыз кыз-келиндери эмне үчүн оор сөйкөлөрдү тагышкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде сөйкөлөрдүн 20дан ашык түрү сакталуу.

Башкы сактоочу Манзура Жуманазарова бул баалуу буюмдарды атайын сандыктарда кастарлап сактап келет.

«Биздин музейде сөйкөнүн 20дан ашык түрү бар. Мисалы: желбирөөч, халкан гөзө, балдак сөйкө, жети аяк сөйкө, көздүү сөйкө, сандыкча сөйкө сыяктуу сыргалар. Баары салмактуу. Кээ бир оор, узун жасалган сөйкөлөрдү кеп такыяга илип алышкан.

Колунда байлыгы, бийлиги бар адамдардын кыз-келиндери атайын чебердин колунан жасалган, түстүү, мончоктуу, көздүү сөйкөлөрдү тагышкан. Ал эми колунда жок, орто заар аялдарда жөнөкөй эле темирден жасалган сөйкөлөр болгон.

Илгери «кимдин сөйкө таккан кулагы жыртылып калса, тиги дүйнөдө кулагынан жылан өтпөйт экен» деген түшүнүк болгондуктан, көбү атайлап оор сөйкөлөрдү тагып келишкен деген кептер айтылат», — дейт М.Жуманазарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE