Пример HTML-страницы

Кыргыз куткаруучу Түркияда тасмадагыдай көрүнүшкө күбө болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик куткаруу отрядынын 3-мобилдик куткаруу тобунун нускоочусу, куткаруучусу — прапорщик Абдумалик Кутубай уулу 6 жылдан бери аталган кызматта иштеп келет. Ал дүйнө элинин көңүлүн бурган Түркиядагы жер титирөөдө издөө-куткаруу иштерине катышып келди. Turmush басылмасынын кабарчысы куткаруучу менен маектешти.

Абдумалик Кутубай уулу жумуш учурундагы учурларды баяндап берди.

«Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып коюп, ӨКМде аскердик кызмат өтөп баштадым. Кызматты аяктаган соң келишим түзүп, ушул жерге суучул болуп кирдим. Теорияда психологияңарды бекем кылгыла, ушул нерселерге даяр болгула деп көп айтылган менен практика менен бетме-бет келгенде баары бир жүрөгүң бир зырп этет. Биринчи жолу сууга чөгүп кеткен адамды алып чыгууга бардык. Мен кайыкта отургам, суучул жансыз денени алып чыгып, суу ичинен көрүнүп калганда аны көрүп, чочуп кеттим. Кайыкты жээкке карай башкаруум керектигин айтты. «Карма» десе да, денени карабай туруп кармагам. Азыр андай кылбай калдык. Жай айында ишке кирип, жалаң сууга чөккөндөрдү алып чыгып жүрүп, чочуп калганымды өзүм сезбептирмин. Атам жүрөк мончок куйганда (Адамдын башына чыныга суу куюп, ага коргошунду ээритип туруп куят. Эмнеден чочуп калса, коргошун ошонун элесин берет) адамдын скелети түшкөндө билдим.

Андан сырткары унаа кырсыктарына барабыз. Адамдар унаага кысылып, темир сайылып калган учурлар болот. Андай убакта жансыз дене сен иштей турган объектке гана айланат. Иштеп жатсаң колу-буту түшүп калса, акырын жылдырып коюп, ишиңди аткара бересиң», — деди ал.

Куткаруучу Өзгөндө жер көчкү жүргөндө 11 күн куткаруу кызматында жүргөн. Анын айтымында, 28 адам каза болсо,12 адамдын жансыз денесин таап чыгышкан.

Ошондой эле ал кыргызстандык куткаруучулар менен бирге Түркияда алгач Кахраманмараш шаарында, андан кийин Хатай шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүздү.

«Түркиядагыдай көрүнүштү биз тасмадан гана көрүп жүргөнбүз. Кыйшайып калган имараттар, топуракты эле үйүп койгондой үйлөр, талкаланган шаар. Барып эле колуң менен баарын сүрүп, куткарып ийгиң келет. Бирок бетондор оор, техника керек, коопсуздугуңду да ойлойсуң. Техниканы эле карап отурбай, колдо бар шаймандарыбыз менен аракет кылып жаттык. Себеби четте бүт туугандары үмүт менен сени карап турушат. Алгач барганда түрк куткаруучулары бизди кошуп алышты. Ага чейин россиялык куткаруучуларды кетирип жиберишкен экен. Барганда эле «Мына биздин бир боор туугандарыбыз келди, бизге жардам бергиле, биздин балдар чарчап калышты» деп бизди кошуп алышты. Ошол топ менен биринчи куткарылган баланы чогуу куткардык.

12 кабаттуу объектте иштеп жатканбыз. Атайын аппарат жансыз же жандуу дене экенин тактап берет экен. 17-20дан ашык градусту көрсөтсө жандуу, 14-15 градусту көрсөтсө жансыз дене болот. Аппарат аркылуу бир адамды таптык. Жаныбызда иштеп жаткан объекттерде ызы-чууну токтотуп туруп, үн алышып башташты. Бир тешик таап, акырын кирип отурдук. Урандынын алдында калган балага жетип калганыбызды айтып, алдап жатып, 6 саат дегенде кирип бардык. 12 кабат кулап, ал эң түбүндө калып, эч жерине эч нерсе болгон эмес экен. Урандынын алдында 92 саат жатыптыр. Шок абалда болгондуктан футболкачан суукта үшүгөнүн да билбептир. Куткаруучу киргенде эле суу сураптыр. Ошол жерде турган медкызматкер өлчөмү менен суу берди. Баланы алып чыктык. Элдер топтолуп кетиптир, чыкканда баары кол чабышты. Тез жардам кызматына салынды. Унаанын ичин карасам, ошондо үшүгөнүн билип тиши тишине тийбей калчылдап жатыптыр. Үй-бүлөсү ошол жерде каза болушкан, туугандары бар экен.

Кыргыз куткаруучуларынын иштегенин, маркумга жасаган мамилебизди көрүп, түркиялыктар «Эртең да силер менен иштейли» деп, техникалары менен бизге качып жатышты. Себеби алар башка өлкөлөрдүн куткаруу тобу менен иштегенде «Четинен каза бергиле, чыкса чыкты, чыкпаса жок» деп кооптуу иштешиптир. Биздин куткаруучулар ар бир техниканын алдында экиден туруп, бир аз тешик көрсө токтотуп, дене көрсө буздурбай, колдорубуз менен казып алып чыгып жаттык. «Силер кайсы жерден канча аянтты алыш керек, каякка жүрүү керек, баарын билет экенсиңер» деп жатышты. Жансыз дене туруп калганда бошоп, үзүлө турган болуп калат. Биз четин эле көрсөк дагы колубуздагы шаймандар менен кирип, акырын бузбай алып чыгып жаттык. Негизи бири-бирине тоскоол болбош үчүн бир жерге 2-3 эле куткаруучу кириш керек. Биздин куткаруучулар жапа тырмак баары кирип, эртерээк алып чыгалы деп, жансыз денени деле кучактай калып, чын жүрөктөн иштешти. Башка куткаруучулар жансыз денеге жолобой жүрүштү. Түркиянын өздөрүнүн куткаруучулары кыдырып карап жүрдү.

Чайканага кирсек да орундарын бошото калышып, «Бир боорлорубуз келди» деп чай алып келип беришти. Түнү иштеген убакта техникалар денени бөлүп алып жатышты. Башы-буту жок денелер чыгып калды. Күндүзү техника бир аялды экиге бөлүп алды. Себеби бетон, топурак, буюмдар баары аралашып калган экен. Ичеги карынын бөлөк кылып, денесин топтоп, салып бердик. Көбү жакындарын тааный албай калып жатышты. Беттери жалпайып, бузулган. Денесиндеги сүрөттөр аркылуу таанып жатышты.

Уранды алдынан баалуу буюмдар да чыгып жатты. Баарын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берип жаттык. Аларга буюрбаган буюм бизге буйруйт беле. Бул зилзаладан ашыкча дүйнөгө жулунбаш керек экенин түшүндүм», — деп сөзүн жыйынтыктады куткаруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE