Кыргыз-казак чек арасында жеңил унаалардын узун кезеги пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек—автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде унаалардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Айдоочулар узун кезектин пайда болушуна күйүүчү май ташыган айдоочуларды күнөөлөп жатышат.

«Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаалардын көбү күйүүчү май ташыйт. Булардын айынан өткөрмө бекетте узун тыгын пайда болуп жатат», — деди алар.

Видео 3-мартта тартылган.

Пример HTML-страницы

Кийинчерээк Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолу ачык болгонун билдирди.

«Ак-Тилек—автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде 2024-жылдын 3-март күнү Казакстан Республикасына өтө турган унаалардын саны көбөйгөн. Айдоочулар жол эрежесин бузган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️