Пример HTML-страницы

Кыргыз-Атада 7 млн сом элдик салым менен жол асфальтталууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын жашоочулары өз демилгелери менен акча жыйнап, ага айыл өкмөттөн кошумча кошулуп, бир катар ички жолдорун асфальтташууда.

Бүгүнкү күндө Ак-Булак айылында 1,5 чакырым жол 9 млн сомго асфальтталып, анын 7 млн сомун эл топтоп беришкен.

Айыл өкмөт башчы Мухаммед Эшполотов бул жакшы саамалык менен айылдагы бардык ички жолдор асфальттанып жатканын айтат.

«Ак-Булак, Көтөрмө, Борко айылынын эли жолдорду асфальттого каражаттын 60-70 пайызын, кээде 100 пайызын өздөрү топтоп, айыл өкмөттөн техника жардам болуп эле бир катар жолдорубуз бүтүп келүүдө. Бул ирет Ак-Булактагы Арын Азимбаев көчөсүнө асфальт басуу иштери жүрүүдө. 7 млн сом элден чогулса, 1 млн жергиликтүү бюджеттен, 1 млн сом райондук өнүктүрүү фондунан бөлүндү», — дейт айыл өкмөт башчы.

Ошондой эле, Борко айылынын жашоочулары да 2 млн сом топтоп жол баштоо алдында турушат.

«Борко айылындагы 1 чакырым жолду баштоо алдында турабыз. 3,5 млн сом республикалык бюджетинен, 1,5 сом жергиликтүү бюджеттен болсо, 2 млн сом элдин салымы топтолду», — дейт айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE