Пример HTML-страницы

Кыргыз-Ата айыл аймагында шайлоочулардын 18% добуш берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-июнь күнү №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталып, шайлоо участкалары өз ишин баштады.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 10:00го карата 4880 адам шайлоого катышкан. Кийинки жыйынтык 13:00до чыгарылат. Мыйзам бузуулар катталган жок.

Эң көп шайлоочу Кыргыз-Ата айыл аймагында болуп, саат 12:00го карата шайлоочулардын 18% добуш берди. Аталган айыл аймактан 2 талапкер бар.

Шайлоо Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Т.Зулпуев, А.Мирмахмудов, Гулистан айыл аймактарында жана Ноокат шаарындагы 54 шайлоо участкасында өтөт. №5 шайлоо участкасында 91 миң 57 шайлоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE