Пример HTML-страницы

Кыргыз-Ата айыл өкмөтү жашоочулар, мигранттардын көмөгү менен ички жолдорго асфальт төшөп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагындагы көчөлөргө асфальт төшөлүп жатат.

Айыл өкмөт башчы Мухаммед Эшполотовдун айтымында, буга чейин 3 көчө оңдолуп, пайдаланууга берилген. Эми дагы бир көчөнү асфальттоо иштери башталуу алдында турат. Бул иштерге жашоочулар да көмөктөшүп жатат.

«Айылыбыздагы жашоочулар, мигранттар, ишкерлер, ар бири салым кошуп, каражат топтоп, көчөлөрдү асфальттап жатышат. Жергиликтүү бийлик шагыл төгүп берүү, техника менен камсыз кылуу иштерине көмөк көрсөтүүдө», – деди ал.

Көтөрмө айылындагы узундугу 1 чакырым болгон Т.Бажаев көчөсүн асфальттоого жашоочулар, ишкерлер жана демөөрчүлөр 6,5 млн сом чогултуп, айыл өкмөт шагыл төктүрүп, жыйынтыгында асфальт төшөлүп бүттү.

Андан кийин Ак-Булак айылында узундугу 1,5 чакырым болгон жолдун негизин айыл өкмөт жасап берсе, асфальттоо иштерине 9 млн сом каражатты жашоочулар чогултуп берген. Бул жолго да асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле Ак-Булак айылында мигранттардын, жашоочулардын демилгеси менен 1 млн 430 миң сом жыйналып, 260 метр узундуктагы көчө асфальтталды.

Учурда узундугу 1 чакырым болгон Кеңеш айыл аймагы менен Көтөрмө айылын байланыштырган жолду оңдоо пландалып жатат. Жолдун 500 метри жергиликтүү бюджеттен, 500 метри жашоочулар тарабынан каржыланып жасалат. Жергиликтүү бюджеттен жана облустук өнүктүрүү фондунан 4 млн 100 миң сом каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX