Turmush — Бүгүн, 12-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда «Кара-Суу — унаа жолу» өткөрүү пунктунун ачылыш аземи өтүп жатат.
Маалым болгондой, аталган өткөрүү пункту 2010-жылы жабылган. Өткөрмө бекет эки тараптуу, чыгыш тарапка 5 каана, кириш тарапка 4 каана (кабина) болот. Бекет техникалар менен жабдылган.
«Буга чейин «Достук» өткөрмө бекетинде тыгын болуп келген. Тыгындын алдын алуу максатында «Кара-Суу» өткөрүү пункту ачылууда. Бул пункт Өзбекстанга өтүүдө жарандардын кирип-чыгуусун жеңилдетет. Күнүнө 3500-4000 адамды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Өткөрмө бекет 2010-жылы өзбек тараптын демилгеси менен бир тараптуу жабылган. Бүгүн, 12-сентябрда жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылат. Кийинчерээк авто транспорт үчүн да ачылышы мүмкүн», — деди аталган өткөрүү пунктунун башчысы Алайбек Кожошов.
Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана өзбек тараптын өкүлдөрү катышууда.
«Бул өткөрмө бекет эки өлкөнүн достугун мындан ары да бекемдейт. Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ысык саламын жолдоду. Бул жаңы киргизилип жаткан долбоор мамлекет башчыларынын тапшырмасын аткарууга жана жакынкы аралыктагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин 2 млрд долларга көтөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем. Ошону менен катар туризм тармагында дагы көрсөткүчтөр өсөт деп айтат элем. 2023-жылдын 10 айынын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн 390 миң турист келген. Өз кезегинде Өзбекстанга 1 млн 600 миң кыргызстандык барган. Демек, былтыр ар бешинчи кыргызстандык Өзбекстандын кооз шаарларын көрө алган. Ал эми өзбек досторубуз биздин Ысык-Көлүбүзгө келип, кооз жерлерибизге зыярат кыла алышкан», — деди Бакыт Төрөбаев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.