Кылым жашаган Анаржан апа кан майдандан келген кара кагаздарды окуп берген күндөрдү унута элек. Видео

Turmush101 жаштагы Анаржан Кулматова Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл аймагына караган Бөбүй айылында туулган. Кандуу согуш башталган жылы ал 20 жашта болчу. Жолдошу, эки агасы кан майданга кетип, кайтпай калган. Жаш кезинде орукта эмгектенген апа менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Анаржан апанын 8 бир тууганы болгон.

«Бир агам кичинекей кезибизде эле ооруп каза болуп калды. Калган эки агам согуш башталар жылдары, тактап айтканда 1939-жылы кызмат өтөөгө Украинага кеткен. Келерки жылы Фашисттик Германия СССРге кол салып, аскерлер биринчи орунда душмандын мизин кайтарууга кетип, кайтпай калган. Эки агам каза болгонго чейин кат алышып турчубуз. Алардын бири танк айдаса, экинчиси кадимки катардагы жоокер болгон. Тилекке каршы, согуш башталар замат дайыны чыкпай, кийинчерээк кара кагаз келди.

Согуш башталган 1941-жылы турмушка чыгып, жолдошум менен 2-3 ай жашаган соң, ал да эл катары согуш талаасына жөнөп кетти. Анда мен 20 жаштагы келин элем. Ал учурда айылда эркек калбай, айылдагы кыз-келиндер баарыбыз талаада иштеп, үй бетин көрбөй калдык. Ал учурда комбайн жок буудайды кол менен оруп, жерди кээде соко менен аялдар трактор башкарып айдачубуз. Айылда кат тааныгандар саналуу гана болгондуктан, кан майдандан келген кара катты мен гана окуп берчүмүн. Кээде айылдаштар мени жаман кабар алып келет деп жаман көрүштү. Айылда карыган чал-кемпирлер эле калгандыктан аларга жаман кабарды угузуу мен үчүн абдан оор болчу. Айрым учурда согушта жүргөн уулу каза болуп, аны үйгө алып келе жатканын айтканымда эле түшүнүп, ызы-чуу түшүп калышчу. Ошол жылдар менин жашоомдогу эң оор жылдар болду», — дейт ал.

Каарманыбыз кан майданда жүргөн жолдошун 10 жыл күтүп, каза болгонун уккан соң башка турмуш курганын айтат.

«Аял киши үчүн үйдүн тирилиги, талаа жумуштары баары оор экен. Анан калса биз жолдошум менен жаңы баш кошкондо эле таш боор согуш жолдошумду кан майданга тартып алды. Ишенген, сүйгөн кишиң жок болгондуктан алгач абдан оор болду. Ошентсе да, оруктагы эмгек менен алпурушуп отуруп, кыйынчылыктарды унуттум. Бирок билинбей эле арадан 10 жыл өтүп кетиптир. Ал арада жолдошумдун туугандары кайын энеме сөз салып да көрүштү. «Өзүбүздүн келинди жесир калтырбай, өзүбүз эле алып калалы» дешти. Бирок мен баары бир жолдошумдун кайтып келүүсүн күттүм. Тагдыр биз ойлогондой болгон жок. Себеби шум ажал миңдеген жоокерлердей эле менин жолдошумду да алып тынды. Андан соң кайын энемдин уруксаты менен үйдөн кеттим.

Пример HTML-страницы

Ал арада «Орто Азия» колхозунда жумушчу болуп иштеп жүрдүм. Ошентип 32 жашымда турмушка чыгып, 35 жашымда тун уулумду жарык дүйнөгө алып келип, андан соң 2 кыздуу болдум. Азыр 15 небере, 18 чебере жана 50гө жакын кыбыра көрүп калдым. Балдырыма да ар дайыма согуш мезгилиндеги кыйынчылыктарды айтып берем. Азыр эң сонун заман, ушул тынчтыктын кадырына жетели», — деди ал.

Анаржан апа 101 жашка чыкса да акылы тетик, сүйлөгөнү ордунда. Балдарынын айтымында, күн сайын жолго чыгып, кошуналарына барып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️